// //

Тамакты чалпылдатып жегендерди көрсөм ачуум келет. Эмне кылсам болот?

2021.01.02, 14:09
1454

Саламатсызбы! Тамакты үн чыгарып, айталы чалпылдатып жегендерди көрсөм аябай ачуум келет. Капа болуп калбасын деп, өздөрүнө айта албайм. Аларга чыдап жүрө берип нерв жагынан оорулуу болуп кала турган болдум. Эмне кылсам болот?

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
02.01.2021, 14:12

Асель Суюнбаева

Психолог

Саламатсызбы! Менде дагы сиздикине окшош көйгөй бар эле. Бирок, мен отуруп алып, баарын анализдеп, көп ойлондум. Акыры мындай бир тыянак чыгардым: ошол кишинин өзүнө бир таарынычым бар болуп чыкты. Ал таарынычты айтып, чечишип, ачык сүйлөшүп алгандан кийин баары жайына келди. Көрсө, ага болгон таарынычым үчүн анын ар бир кыймыл-аракетин жактырбай баштапмын.

Эгерде бизди бир нерсе кыжырыбызды келтирип жатса, кеп башкаларда эмес, өзүбүздө экен. Ал кишини жакшы көрсөң, чалпылдатканына карабастан жага берет, туурабы?

Бул нерсе өтүп кетет, болгону анализ кылыш керек.  Чалпылдатып ичкени бул көрүнүп турган нерсе, ал эми себеби ар жакта көрүнбөй турат. Чынында эмнеси мага жакпай жатат? Ошону ойлонуп көрсөңөр, башка жооп чыгат, анан таң каласыңар. Чынында мен башка нерсеге кыжырым келип жаткан турбайбы дегенди түшүнсөңөр, алдыга жылып жаткан болосуңар. 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт