Кайын энем үч кызын чанган күйөөмдү үйүнөн кууп чыккан
Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир айымдын катын жарыялайбыз. Эскертүү! Каармандардын аты өзгөртүлдү. Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт, макалага тиешеси жок!
Сыртка чыксам кайын энем менен эки кызым турат. Колдоруна сүт чай көтөрүп алышыптыр. “Кагылайын, аман-эсен көз жарып алдыңбы?” Кайын энем бетимден өөп, халатымдын сыдырмасын өйдө көтөрүп, төшүмдү кымтылады. Кыздарым чуркап келип кучактады. Эки-жакты карап, кааранын издедим. Көңүлүм түшкөнүн байкаган кайын энем ого бетер үйрүлүп, “көңүлүңө алба, акылы жок немеге теңелбе”,-деп сүттү берип, ичке киргизип жиберди.
Күйөөм кыздарына тартылбайт. Досторунун алдында уят кылып жатканымды айтып табалайт. “Мага уул керек”,-деп, сүйлөнүп басып жүрөт.
Кечинде көз жардым. Акушер эжеге телефон чалып ким экенин сураптыр.
- Куттуктайбыз! Кыздуу болдуңар!
- Аялымды куттуктаңыз, мени эмес.
- Түшүнбөдүм?
- ......
Телефонду басып койгонун айтты. Көкүрөгүмдө жаткан кызымды карап, “кош келдиң балакай”,-дедим. Көзүмдөн жаш агып кирди.
Дагы кайын энем тосуп алды. Кошуна Жоки байкени машинасын айдатып келиптир. “Спасибо за внучку” деген жазууну көрүп сүйүндүм. Эки кызымды татынакай кылып кийинтип, чачтарына бантик тагып коюптур. Гүл берип, медайымдардын чөнтөгүнө сүйүнчүсүн салып сонун кылып алып чыгып кетти. Күйөөм көрүнбөйт.
Үйгө келсем шкаф бош. Күйөөмдүн кийимдери жок. Таң калып турсам кайын энем жаныма басып келди.
"Кыздуу болгонуна сүйүнбөгөн атанын барынан жогу жакшы. Өз баласын чанып жаткан күйөө, мыкты жар боло албайт. Кууп чыктым. Кетип жатып кечирип сурап койгон жок. Башкага үйлөнүп, уулду болорун айтып чыгып кетти. Мага мындай акылы жок уул керек эмес. Өзүбүз ансыз сонун жашай беребиз. Али жашсың, ага убактыңды коротпо, келсе кечирбе, өзүңдү бийик көтөрүп жүр. Уулумдан жүз эсе мыкты адамга жолугушуңду каалайм. Болгону мени унутпай, неберелимди көрсөтүп турсаң болду."
Кучактап ыйладым. “Ыйлаба, кызым, ыйлаба. Сен күчтүүсүң, артыңда үч кызың турат. Ылайым, ошолордун убайын көрөгой. Балпайган байбиче болуп, төрүндө чай ичип отурагой. Сөзсүз ошондой болот, мына мени айтты дейсиң.”
Жаңы жыл. Кайын энем экөөбүз базарга түшүп продукт алып келдик. Кыздарым балатаны кооздоп, үй жыйнашты. Кечинде чогуу отуруп алып бири-бирибизге белек бердик. Түнкү саат он экиде салют аттырып, каалоо тилектерди айттык. Кыздарым менен кар атышып ойноп жүргөн кайын энемди карап, ичимден “рахмат, апа” дедим.
Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:
Кудагыйыма “кызымды көлөкөгө баккам” десем, “мен деле күн көрсөтпөйм” деди
Күйөөмдүн кандай жол менен акча таап келгенин угуп боорум эзилди