30 жаштамын, паспортум жок. Эмне кылсам болот?
Саламатсызбы! 30 жаштамын. Ушул убакка чейин паспорт алган эмесмин. Үй-бүлөм начар болуп окубай калгам, алтынчы классты эле бүткөм. Тиешелүү жерлерге кайрылдым, жыйынтык болбоду. Өзүмдүн каттоом Жумгалда. Чаектеги паспорт столго кайрылсам 12 000 сом акча сурап жатышат. Менде андай акча жок. Туулгандыгым тууралуу күбөлүктү дагы жоготуп алгам. Эмне кылсам болот?
Бакай Алишеров
КР Мамлекеттик каттоо кызматынын Уюштуруу-коммуникация иштери бөлүмүнүн жетектөөчү адиси
Саламатсызбы! Биринчиден, туулгандыгыңыз тууралуу күбөлүктү калыбына келтиришиңиз керек болот. Бул үчүн ЗАГС органдарына арыз менен кайрыласыз. Алар архивди көтөрүп чыгып, туулгандыңыз тууралуу күбөлүк жөнүндө маалыматтарды таап, базага киргизишет.
Мындан кийин сиз кайрадан туулгандыгыңыз тууралуу күбөлүк алаласыз, анан паспорт үчүн документтер топтомун чогулта баштайсыз, ал үчүн калкты тейлөө борборуна же паспорттук столго кайрылсаңыз болот.
Идентификациялык картаны өз маалында документтештирбей калган учурда, төмөнкү документтер топтомун чогултасыз:
- Туулгандыгы тууралуу күбөлүгү;
- ПИН ;
- Ата-энесинин паспорттору;
- Жашаган жери боюнча каттоосу;
- Жашаган жеринен алынган маалымкат;
- Өмүр баяны;
- Түшүнүк кат.
Ал эми бул документтер паспорттук столдон жүргүзүлөт:
- Электрондук анкета-арыз;
- Электрондук фотосүрөт;
- Жарандыгын аныктоого берилген арыз.
Жогоруда көрсөтүлгөн документтер топтолгондон кийин арыз берүүчүнүн КР жарандыгына тиешелүүлүгү тууралуу корутунду чыгарылат.
- Окуган/иштеген жеринен алынган маалымкат//аттестат;
- КР ИИМинен алынган соттолбогондугу жөнүндө маалымкат;
- 3 кошунасынан алынган акт;
- Жарандыкты аныктоого карата мамлекеттик алымдын төлөнгөндүгү жөнүндө дүмүрчөк;
- Төлөнгөндүгү жөнүндө дүмүрчөк.
Мыйзамсыз акча талап кылгандары боюнча, биздин ишеним телефонубузга 0312 62 41 40 же info@srs.kg электрондук дарегибизге арыз менен кайрылыңыз. Мындан тышкары укук коргоо органдарына дагы билдирсеңиз болот.