Боюмда бар экенин билбей укол алгам. Балама зыяны жокпу?
Саламатсызбы! Жооп алып бериңиздерчи сураныч. Бир жума мурун капельница, укол алгам. Жадакалса кан алмаштыргам. Бүгүн этек кирим келбегендиктен тест салып көрсөм 2 сызык чыкты. Эми эмне болот? Аябай кабатыр болуп жатам. Эмне кылсам экен?
Айпери Соурбекова
Гинеколог-эндокринолог
Салам!
Сиз кайсы күнү кандай укол, капельница алгыныңызды тактап алып, генетиктин консультациясынын өтүшүңүз керек. Генетик дарыларды карап, бала канча пайыз тубаса кемтик менен төрөлө турганын эсептеп, айтып берет. Эгер тобокелчиликтин пайызы аз болсо төрөй берсеңиз болот. Бирок сөзсүз түрдө гинекологдун көзөмөлүндө болушуңуз керек. 12-18 жумалык болгондо төрөткө чейинки скрининг кылынат.
Ошол үчүн дарыгер бейтапка дары-дармектерди жазып берип жатканда, боюңда жокпу, этек кириң качан келди эле деп сурайт. Туура, так жооп берүү керек.
Кээ бир дарылар кош бойлуулукка зыянын тийгизбейт, ошол үчүн кабатырланбай генетикке барыңыз.
Ден соолук каалайм!
Гинеколог-эндокринолог Айпери Соурбекова менен @doctor_sourbekova_gynekologist инстаграм баракчасы аркылуу байланыша аласыз.