// //

Дарыгерлер кайдыгер мамиле жасап жатат. Айтыңызчы, өзүм төрөй аламбы?

2020.12.23, 13:53
1557

Кутман күнүңөр менен! 40 жумалык боюмда бар, ичим аябай чоң. Бул үчүнчү балам, берки эки баламды дагы чоң көтөргөм. Азыркы учурда турсам олтура албай, олтурсам тура албай кыйналып жатам. Варикозум дагы бар. Суроом өзүм төрөй аламбынбы же кесарево менен төрөймбү? Врачтан сурасам аны акушерлер айтат деп жатат.

Билесиздер да азыркы учурда врачтар кайдыгер мамиле жасайт. Ата-энем жанымда жок, жалгыз кызмын. Мага врачтардын кылган мамилеси жакпай жатат. Жардам бериңиздерчи.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
23.12.2020, 13:55

Айпери Соурбекова

Гинеколог-эндокринолог

Саламатсызбы!

Кесаревого өзүнүн көрсөтмөлөрү бар. Мына ушул учурда кесарево жасаш керек же кош бойлуу айым өзү төрөйт деген. Бул сиз төрөгөнү барганда анык чечилет.

Ичим чоң деп жатасыз. Эмнеге чоң? Аябай суусу көп болуп кеткенби? Же 40 жумадагы курсак нормага туура келеби? Болбосо сиз толук айым болуп ичиңиз ошого чоң көрүнүп жатабы? Муну ичиңизди өлчөп көрүп, сизди текшерүүдөн өткөрүп анан туура келеби же келбейби айта алабыз.  

Буга чейинки врачыңыз туура айткан, кандай жол менен төрөөрүңүз төрөт үйүнө барганда билинет.

Врачтар кайдыгер мамиле кылат деген оюңузга кошула албайм. Себеби ар бир төрөт канага келген айым жана анын ымыркайы үчүн врач жоопкерилик алат. Кээ бир айымдарда оңой, кээ бирлеринде оор төрөт болушу мүмкүн. Мындай ойдон алыс болууга чакырам.

Төрөтүңүз жеңил болсун!

Гинеколог-эндокринолог Айпери Соурбекова менен  @doctor_sourbekova_gynekologist инстаграм баракчасы аркылуу байланыша аласыз.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт