Мени жакшы көргөн байке Түркияга чакырып жатат. Эмне кылсам болот?
Саламатсызбы! Мен 16 жаштамын, базарда иштейм. Ата-энеме жардам берем деп чыгып, карызга батып кеттим. Эми атам менен апам күнүгө урушуп айламды кетирип жатышат. Жигитим бар, күзүндө баш кошолу дегенбиз. Азыр үйлөнүүгө шарты жок экен. Бирок, мен ага чейин тажап кеттим. Түркияда бир тааныш байкем бар. Котормочу болуп иштейт, менден бир топ жаш эле уулу. Мени жакшы көрөт, Түркияга чакырып жатат. Эмне кылсам болот? Кеңеш бериңизчи.
Нуриза Батырбекова
Психолог
Саламатсызбы! Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму өспүрүм куракты 25 жашка чейин жылдырды. Бул эмненеи түшүндүрөт? Көрсө денебиз, гормондорубуз, мээбиздин өрчүүсү ушул куракка чейин уланат экен. Анан 25тен кийин гана ой жүгүртүүбүз чоң адамдардай боло баштайт.
Стресстен чыгуунун ар кандай жолдору бар. А сиз качып кетүү жолун тандап жатасыз. Мисалы, “Күйөөгө тийсемби?”, “Түркияга кетип калсамбы?” ж.б сыяктуу ойлоруңуз буга далил болуп отурат. Бирок, бул нерселер эч качан көйгөйдү чечпейт. Көйгөйдү ачык талкуулоо чечет. Бул үчүн жакын адамдарыңызга, аларга ишене албасаңыз 111 балдар ишеним телефонуна кайрылыңыз.
Ар бир кыйынчылыкты өз учурунда чечкениңиз туура болот. Үй-бүлө куруу бул маанилүү кадам, жөн гана сүйүү жетишсиз. Ага психикалык, физикалык, экономикалык жактан даяр болуш керек. Көйгөйдөн качып кетүү үчүн турмушка чыкканда кийинки жашообуз кыйын болот. Ошон үчүн, бир чечим кабыл алардын мурун жакшылап ойлонуңуз. Сизге ийгилик каалайм!
Психолог Нуриза Батырбековаменен инстаграмдагы danak_er баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
#билесиңбиөспүрүм