// //

Кайын агам аялынын бутун ушалап бермейин уктабайт

2020.12.22, 18:28
15899

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет жаш келиндин катын жарыялайбыз. Эскертүү! Каармандардын аты өзгөртүлдү. Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт, макалага тиешеси жок!

Эмнегедир үйлөрүнө баргым келе берет. Экөөнүн бири-бирине жасаган мамилеси ушундай сонун дейсиң, карап эле отура бересиң. Тамашалары, көз караштары, мамилелери, эх, жүрөктү гана эзет го...

Алгач келин болуп келгенде булар жаңы эле үйлөнүшкөнбү деп ойлогом. Күйөөмөн сурасам, быйыл жыйырма жыл болорун айтып таң калтырды. Кантип сүйүүсүн ысык бойдон сактап калышты? Ушул күнгө чейин башым жетпей келет.

Кайын агам тамак жейби, сок ичеби, айырмасы жок, ар дайым жарымын аялына калтырып коет. Кичинекей конфетти дагы бөлүп, аны кайра тышына ороп чөнтөгүнө салып алат. Тойлорго жетелешип келатканын көрсөң, өзүнчө эле романтика. Улам бири-бирин сүрөткө тартып, музыка болгон сайын бийге чыгышат.

Туугандары экөөнү «Ромео менен Джульетта» деп коюшат экен.

Жеңем жол кырсыгынан кийин аксап  калыптыр. Бутуна алты жолу операция жасалган экен. “Байкем байкуш, жеңемдин онтолоп жатканын көрүп күн сайын ыйлайт эле”, күйөөм ушинтип айтса, элестетип алып жаман болдум.

Баягы күнү үйүнө барып калдым. Кайын агам жеңемдин бутун ушалап берип жатыптыр. Анан ал сыртка чыгып кеткенде, жеңем сөз баштады.

- Күн сайын ушалап бермейин уктабайт. Атайын массаж курсуна дагы барып бир нерселерди үйрөндү. Баспай калат деп коркот окшойт. Анан кантсин байкуш, авариядан кийин үч ай төшөктө жатпадымбы.

- Жеңе, сизден бир нерсе сурайын дегем.

- Айта бер, эмне суроо эле.

- Кантип сүйүүңөрдү ысык бойдон сактап калдыңар?

Каткырып күлдү.

- Ал мага кам көрөт, а мен ага, болду анын башка сыры деле жок. Үйлөндүк, бүттү деп баарын таштап койсок, эбак эле ажырашып кетмекпиз. Сүйүү – бул аракет. Күн сайын бир нерсе кылбасаң, жалп эле өчөт. Мисалы, мына биз, бат-баттан кучакташып турабыз. Анан дагы күн сайын “мен сени сүйөм” ,-деп айтабыз. Бул сонун нерсе, кадимкидей жардам берет.

- А биз урушуп кеткенде кучакташмак тургай, бири-бирибизди көргүбүз келбей калат.

- Эч качан антпеш керек. Урушсаң дагы кучакташ, жүрөктөр бири-бирине жакындаганда таарыныч заматта жоголот. Мына, мени айтты дейсиң, сен жасап көрсөң.

Аркы-беркини сүйлөшүп алып үйгө жөнөдүм. Келсем күйөөм сыртта машинасын оңдоп жатыптыр. Жанына барып, “мен сени сүйөм”,-деп кучактадым. Башында таң калып турду, анан май колун мурдума тийгизип, “Мен дагы сени сүйөм, каражан”,-деди.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кудагыйыма “кызымды көлөкөгө баккам” десем, “мен деле күн көрсөтпөйм” деди

Күйөөмдүн кандай жол менен акча таап келгенин угуп боорум эзилди

Күйөөмдүн жалаяк жууп жатканын угуп аябай таң калдым

Үч баласы бар аялга үйлөнгөнүмө эч качан өкүнбөйм

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт