// //

Эмне үчүн “качан күйөөгө тиесиң” деген суроону такай беришет?

2020.12.21, 13:51
3187

"Качан күйөөгө тиесиң?", "Эмне үчүн балдарың жок?", "Экинчиси качан?", " Боюңда барбы?” ж.б. Бул суроолор жөнөкөй болгону менен ушундай кыжырыңды келтирет. Мындай маданиятсыздыкка кандай мамиле кылуу керек экенин психолог Асель Суюнбаева айтып берет.

“Качан күйөөгө тиесиң?”

Окууну бүткөнүмө бир ай болбой жатып туугандарым чалып, албай койсом жазып, “той качан” дей башташты. Алардын оюу боюнча, кара далы болуп калгыча күйөө издешим керек экен. Мен күйөөгө тийгим келбейт! Дагы билим алып, чет өлкөгө барып келсем деген кыялдарым бар. Жакындарым эч эле мени түшүнбөй коюшту. Акыркы убакта ушул суроону уксам кадимкидей нервденип баштайм. Эмнеге адамдар минтип сурайт?

Айгерим, 22 жаш

“Ии, анан балалуу болоюн деген оюңар барбы?”

Ишиңер эмне! Ичимден ушинтип жооп бергеним менен сыртыман күлүп кутулам. Баш кошконубузга үч эле ай болду. Үч эле ай! Куттуктагандын ордуна, баары ушинтишет. А биздин азырынча балалуу болуу оюбузда дагы жок. “Ар бир бала өз ырыскысы менен” дешип ата-энебиз шаштырышат. Балабыз мыкты мектепте окуп, чет жерден билим алса дейбиз. Алгач ал үчүн иштеп шарт түзүшүбүз керек. Бирок, бизди жөн жашатпай жатышат. Эмнеге адамдар минтип сурайт?

Алтынай, 24 жаш

“Кызсыңбы?”

Дароо телефонумду өчүрүп, блокко салам. Эмитеден минтип жатса, кийин турмушубуз кандай болот? Кызмынбы же жокпу, ага эмне!? Бирөөнүн денеси менен иши кандай!? Акыркы убактарда, тааныбай жатып, ушинтип суроо узаткан жигиттер тажатты? Айтсаңыз, эмнеге адамдар минтип сурайт?

Эркинай, 18 жаш

Мындай суроолорду сураган адамдарга эмне түрткү берет: кызыгуу, боор оруу же акыл үйрөтүү? Психолог Асель Баимбетова бул боюнча өз оюн билдирди.

- Биринчиден, “Качан күйөөгө тиесиң?”, “Эмнеге төрөбөйсүң?”, “Эмнеге эрте төрөдүң?”, “Кызсыңбы?”, жана башка ушул сыяктуулардын баары “неделикатный” суроолордун ичине кирет. Эгер адам айткысы келсе, өзү эле айтып берет, сурап кереги жок. Мындай суроолорду узатуу тарбиясыздыкка, маданиятсыздыкка жатат.

Экинчиден, бул суроолорду узаткан кээ бирөөнүн ичинде комплекстери толтура болот. Айрыкча, чоочун адамдардын көзүнчө бирөөнү басынтуу, уят кылуу же акыл үйрөтүү аркылуу өзүн көрсөткүсү келет. Мындай учурда уялып, жооптон качпаш керек, анткени, манипуляторго дал ушул нерсе. Жөн гана эмне үчүн сурап жатканын билиңиз. Ошол эле учурда юмор менен жооп берсеңиз дагы болот. Бирок, айтып коюу керек, тамашалашып жатып, анын өздүгүнө кирип кетпеңиз, агрессияга алдырбаңыз.

Үчүнчүдөн, кандай болсо, ошондой айтыңыз. Алар көбүнчө жооптон качып кетишиңизди күтөт. Ошондой эле сизге берилген бардык суроолорго жооп берүүгө милдеттүү эмессиз! Каалабасаңыз жооп берүүдөн сылык баш тартып коюңуз.

Төртүнчүдөн, бул суроолорду узаткан адам жеке чекти билбеген маданиятсыз экенин билиңиз. Ошондуктан, ага кайгырып, ачууланып, кабатыр болуунун кереги жок. Сиз ага реакция берген сайын, ал андан ары чукуп, дагы сурайт. Жөн эле билмексен болуп коюңуз, болду, ошол жетишет.

Ар бир адам бакытты ар кандай түшүнөт. Бирөө үчүн үйлөнүү жана балалуу болуу бакыт болсо, айрымдары үчүн тапткакыр башкача. Андыктан, эң негизгиси бирөөнү эмес, жүрөгүңүздү  угуңуз.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт