// //

Менде төрт эмчек болушу мүмкүнбү? Маммолог кеңеш берет

2020.12.21, 12:56
2160

Саламатсызбы! Эки эмчегимдин астында эки кара "точка" бар болчу. Маани берчү эмесмин. Кийин экинчи кызымды төрөгөндө сыгып көрсөм сүт чыкты. 

Менде төрт эмчек болушу мүмкүнбү? Эмне кылсам болот? Зыяны жокпу? Кайсы врачка кайрылам?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
21.12.2020, 13:02

Аида Осомбаева

Маммолог

Саламатсызбы! Бул кошумча сүт бези, башкача айтканда рудимент (организмдин тарыхый өрчүү процессинде өзүнүн негизги функциясын жоготкон орган).

Ал колтуктун тегерегинде же сүт безинде болушу мүмкүн. Бул сиздин өзгөчөлүгүңүз, аны дарылоонун кажети жок. Кош бойлуулук жана лактация учурунда сүт чыгышы мүмкүн.

Эч кабатыр болбоңуз, коркунучу жок. Эгер бул нерсе сизди ойго салып жаткан болсо, дарыгердин көзөмөлүнөн өтүп койсоңуз болот.

Ден соолукта болуңуз!

Маммолог Аида Осомбаева менен @dr.mammolog.kg инстаграм баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

 
0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт