Бир кыз менен бийлеп жатканымды кайын энем көрүп калган
Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет күйөө баланын катын жарыялайбыз. Эскертүү! Каармандардын аты өзгөртүлдү. Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт, макалага тиешеси жок!
Аялыма айтты бекен? Эми үйгө кантип кирем? Ушу корпоративге барбай эле койбой! Көчөдө өзүм менен өзүм сүйлөшүп келаттым. Көргөндөр акылынын тайган неме деп ойлошту болуш керек.
Босогодон аттарым менен аялыма карганып кирдим.
- Ал кесиптешим, жөн эле бийге тартып койдум, чын айтып жатам, өлүп кетейин!
- Сага эмне болду? Кимди айтып жатасың? Корпоративиң кандай өттү?
- Апам чалган жокпу?
- Жок.
Быйыл күзүндө баш кошконбуз. Келинчегимди катуу сүйөм. Анын көңүлүн оорутпаш үчүн колумдан келгенин жасайм. Колун сурап жатып, “сени бактылуу кылганга сөз берем, эгер сөзүмө турбасам, кетип эле кал”,-дегем.
Кесиптештер менен корпаратив тоскону кафеге барганбыз. Экинчи этажында кайын энем курбулары менен отуруптур. Аны мен кайдан көрмөк элем. Бир кесиптешим менен бийлеп жаткам. Кайын энем чыгып баратып, кол булгалап койду. Чуркап барып учурашкыча таксиси жылып кетти.
Эртеси кайын энеме өзүм чалдым. Кечеги бийлеп жаткан кыз жөн эл кесиптешим болчу экенин айтып актанып жатсам, кайын энем трубканы басып койду. Кайра өзү чыгып, “Уулум, кур сөздөрүңдү уккум келген жок. Кесиптешиң экенин баары эле көрүп турат. Корпоративде бийлеп койсоң эмнеси бар экен. Мен деле отуруштарда бийлеп коем. Аа, кокуй, Айсалкынга айтат деп ойлодуңбу. Менин андай адатым жок. Үй-бүлө силердики, эмне кыласыңар өзүңөр чечесиңер. Урушсаңар дагы, табышсаңар дагы мага баары бир. Кызымды сүйөрүңдү, сыйларыңды жана ал сени менен бактылуу билем. Мага ошол жетиштүү.”
Экөөбүз аркы-беркини сүйлөшүп көптөн кийин коштоштук. Сонун кайын энем бар да. Обу жоктонуп, жөн жерден эле кыйналып жүрүпмүн. Мындан ары жаман ойлорго жол бербейм деп чечтим. Үйгө келип келинчегиме баарын айтып берсем, боору эзилип калды.
Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:
Кудагыйыма “кызымды көлөкөгө баккам” десем, “мен деле күн көрсөтпөйм” деди
Күйөөмдүн кандай жол менен акча таап келгенин угуп боорум эзилди