// //

Кош бойлуу айымдардын тынчын алган симфизит оорусу тууралуу

2020.12.18, 16:01
17019

Акушер-гинеколог Раушан Джумагулова кош бойлуу айымдардын тынчын алган симфизит оорусунун себептери жана дарылоо жолдоруу тууралуу Bilesinbi.kg’ге айтып берди.

Симфизит - бул чаттын кошулуп турган жеринен ажырап кетүүсү. Кош бойлуу аялдын организми төрөткө даярданып, чаттын сөөгүн жумшартуу үчүн “релаксин” деген гормон иштеп чыгат. Айрым учурда бул гормон ашыкча иштелип чыгып кетип, симфизит диагнозуна алып келет.

Кальцийдин жетишсиздиги  дагы бир себеби болушу мүмкүн.

Симфизиттин өнүгүүсүнө алып келген негизги факторлордун катарына төмөнкүлөр кирет:

  • көп сандагы төрөттөр;
  • жамбаш сөөктүн жаракат алышы;
  • ичтеги баланын салмагынын чоң болушу;
  • кош бойлуу кезде аз кыймылда болуу;
  • мурунку кош бойлуулуктагы симфизит;
  • кош бойлуулук учурунда көп салмак кошуу;
  • жамбаш сөөктөрүнүн жаракат алуусу ж.б.

Симфизиттин негизги симптомдору

Симфизиттин бар экендигин көрсөткөн негизги симптом – бул басканда жана түндө чаттын оорушу. Ошондой эле:

  • чат жагы шишигенсип калат;
  • отуруп-тура албай кыйналат;
  • ичтин ылдый жагы ооруйт;
  • тепкич менен көтөрүлгөндө, басканда, эки жакка оодарылганда, бир нерсени алайын деп ийилгенде ооруйт;
  • жыныстык катнаш учурунда ооруйт;
  • катуу чарчайт;
  • басканда сөөктүн чыкылдаганы угулат.

Дарыгер диагноз коюу үчүн:

  • организмдеги калцийдин курамын аныктоого кан анализин алат;
  • кош бойлуулук учурунда рентген жасоого болбогондуктан, УЗИ текшерүүдөн өткөрөт;
  • жыйынтыгына жараша травматологдор менен чогуу кандай жол менен төрөй турганын чечип, дарылануу курсун жазып берет.

Симфизитте оруксунууну азайтуу үчүн:

  • атайын бандаж тагынуу;
  • эс алуу;
  • жөө басууну, оор көтөрүп, тепкичтерге чыгууну азайтуу;
  • отурганда, турганда бир нерсеге таянуу;
  • кальций камтыган азыктарды көбүрөөк колдонуу;
  • дененин салмагын көзөмөлгө алуу;
  • кош бойлуулар үчүн атайын көнүүгүүлөрдү жасоо.

Ден соолукта болуңуз!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт