Ата-энем Аяз ата менен Аяз апанын кудалары болушту
Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет жаш келиндин катын жарыялайбыз. Эскертүү! Каармандардын аты өзгөртүлдү. Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт, макалага тиешеси жок!
- Эми менин кабымды алып чык, оозун бекем байлап кой, белектер төгүлүп кетпесин.
- А менин жоолугум менен чапанымды кошо ал чыкчы.
- Уулум, бугубуз даярбы?
- Даяр, даяр.
- Кеттик анда абышка.
Күйөөм экөөбүз кол булгалап калдык. Ичимдеги балам кандай гана бактылуу! Ушундай чоң ата менен чоң апанын небереси болуп төрөлөт.
Жаңы-жыл. Акчам жок айылдагы ата-энемдин жанына бара албай калдым. Группалаштарым эбак эле үйлөрүнө кетишкен. Жатаканда жалгыз жаткандан зеригип сыртка чыктым. Көчөдө баары үй-бүлөсү, сүйгөндөрү менен жыргап жүрүшөт. Салюттар, кооздолгон балатылар, ыр-бий... Көңүлүм эки эсе түшүп, кайра жатаканага жөнөдүм. Жолдон дүкөнгө кирип мандарин алып алгам.
Университетибиздин короосунда балаты орнотулган. Алдына бир саамга токтоп карап турдум. Анан ачуум менен бир оюнчугун жулуп ыргытайын деп жатып тайып кеттим. “Күп” эле дей кулап түштүм. Башым каңгырап асманды карап жатсам, Аяз ата менен Аяз апа келди. “Кызым, сенин маанайың түшүп турса, ал оюнчукта эмне күнөө”,-дешти. Экөө колумдан тартып тургузуп, чачылып жаткан мандаримдеримди тере башташты. “Жаңы-жылда жалгыз калган болбойт, жүр биз менен”,-деп жетелп жөнөштү.
“Бул биздин бугубуз, а тиги ичиндеги айдоочу уулубуз болот.” Машинасына отургузуп алып кайдадыр айдап жөнөштү. Балдар үйүнүн эшигинин алдына келип токтодук. Сонун болду. Чогуу балдар менен ырдадык, бийледик. Белектерин бердик. Ал жактан чыгып алып, кабат үйлөрдү кыдырып, конфет тараттык. Таңга маал жатаканама жеткирип коюшту. “Эми уктап эс ал, эртең дагы бизге жардамчы керек”,-деди кайын энем (анда кайын энем боло элек болчу).
Көрсө жыл сайын кайын атам менен кайын энем Аяз ата менен Аяз апанын кийимдерин кийип элге жакшы маанай тартуулашат экен. “Майрамды жаратуу өзүбүздүн колубузда. Мүңгүрөп бирөөнү күтүп үйдө отура бергенден пайда жок. Жашоо бир келет. Демек, жыргап жашаш керек!” Экөө уар дайым ушинтип айтышат.
Ошол жылы жаңы-жылда жалгыз калганым жакшы эле болду. Болбосо мындай сонун үй-бүлөнүн келини болбойт элем. Баса, кайын атам, кайын энем, күйөөм үчөө ичимдеги баланы шаштырып, “бол чык, бизге жардамчы керек”,-дешип сүйлөшүшөт.
Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:
Кудагыйыма “кызымды көлөкөгө баккам” десем, “мен деле күн көрсөтпөйм” деди
Күйөөмдүн кандай жол менен акча таап келгенин угуп боорум эзилди