// //

Кайын энем экөөбүз сарайда кулптанып калбасак тил табыша албайт элек

2020.12.08, 18:54
7235

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет жаш келиндин катын жарыялайбыз. Эскертүү! Каармандардын аты өзгөртүлдү. Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт, макалага тиешеси жок!

Мен отун алып жатсам, кайын энем сүйүктүү кызылча салатына келип калыптыр. Кышка жасалган камылгалар сарайдын астындагы жер төлөдө турат. Бутунда шлепка болчу, бир маалда эле тепкичтен түшүп баратып тайып кетти окшойт, “күп” эле дей түштү.

Колумдагы отунумду ыргытып, мойнумду созуп жер төлөнү карадым. Кайын энем онтолоп жамбашын кармалап жатат. “Апа!” Шашып-бушуп түшүп баратып, жер төлөөнүн оозу тирелип турган жыгачка колум тийип кетти. Шап этип аркаман жабылып калды. Оозу чоң жыгач болчу. Ичинен түртсөң ачылбайт. Мына сага...

Кайын энем туруп кийимин күбүндү. Бир жери сынбаганына сүйүнбөй, жанында сынып жаткан салатына кейиди.

Үнүбүз чыкпай калгыча бакырдык. Күйөөм менен кайын атам телефондоруна кирип кеткен окшойт. Эч кимиси келген жок. Дагы жакшы свети күйүк болчу. Кечээ экөөбүз таарынышып кеткенбиз, ошон үчүн сүйлөшпөй, эки жакты карап отурдук. Ачка элем, бир маалда ичим курулдап кетти. Кайын энем, “кел, салаттан ал”,-деп жердеги сынып жаткан банканы көрсөттү. Каткырып кирдик.

Кайын энем үстүндөгү бир жемпирин чечип “жука кийинип алыпсың”,-деп  мага берди. Мен галошумду чечип, кайын энеме кийгизип, өзүм шлепкасын алдым. Анан экөөбүз ыкташып отуруп алып, өрүктүн компотун ачып жей баштадык.

Кайын энем жаш кезегин, биринчи сүйгөнүн, жаңы келин болуп келген күндөрүн, кош бойлуу учурунда эмнеге талгак болгонун, кайын атамдын жоруктарын айтып берди. Мен болсо өзүмдүн окуяларым менен бөлүштүм. Анан кайын энем менден эмне жагарын жана жакпарын сурады, кайра мен андан сурадым. Билесиңерби, ушунчалык жакын боло түштүк. Мурда калп эле таарыныша бериптирбиз, көрсө ушинтип жөн эле отуруп сүйлөшүү көп нерсени чечет экен. Чын айтам бири-бирибизге болгон көз каршыбыз өзгөрүп калды. 

Экөөбүз өрүктү, андан кийин кулпунайды жеп бүтүп, малина вараньеге колубуз жеткенде, сарайдын эшиги ачылып, кайын атамдын “ай, кайдасыңар” деген үнү угулду.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кудагыйыма “кызымды көлөкөгө баккам” десем, “мен деле күн көрсөтпөйм” деди

Күйөөмдүн кандай жол менен акча таап келгенин угуп боорум эзилди

Күйөөмдүн жалаяк жууп жатканын угуп аябай таң калдым

Үч баласы бар аялга үйлөнгөнүмө эч качан өкүнбөйм

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт