Байкемдин балдарын таенеси менен апасы 3000 сом алимент үчүн бербей жатышат
Саламатсызбы! Байкем менен жеңем көп жыл мурун ажырашып кетишкен. Төрт жана он жаштагы балдары бар. 10 жаштагы кызын апам 8 айынан баштап 8 жашына чейин өзү чоңойтту. Жеңем караган эмес. Ажырашкандан кийи нкызы биз менен жашап жүргөн эле, кокусунан келип балдарын талашып калды. Балдары аябай коркот апасынан, көрсө кадимкидей титиреп турат. Эки жактан райондук сотко кайрылдык, барсак бала эне менен калат деп жатышат. Сот залынан балдарды зордоп ыйлатып алып чыгып кетишти. Эми жеңем балдарын карабай, апасына таштап Москвада турмушка чыгып кетиптир. Балдарды каникул сайын алып келип турабыз. Үйгө келсе аябай сүйүнүшөт, "кетпей эле коелучу, таенем, таежем урат, урушат, бизди алып барбаңызчы",- деп ыйлап таарынышат. 3000 сом алимент үчүн балдарды ушунчалык кыйнап жиберишти. Кантип балдарды өзүбүзгө алсак болот? Алар биздин бир тууганыбыздай болуп калышкан, апамды да аябай жакшы көрүшөт. Бала 10 жаштан кийин ата-энесин тандоого укугу барбы? Сотко кайрылсак энеде каларын айтышат, бирок алар баланын укугун, кызыкчылыгын коргогон жок.
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Балдар энеси менен калсын деген мыйзам жок, болгону эркектер өздөрү балдарды тарбиялоого мүмкүнчүлүгүбүз жок деп ойлошот. Анткени атасы көчөдө көп жүргөдүктөн, балдар кароосуз калып кетет деген көз караш бар. Сотко балдардын атасы кайрылганы туура болот, анткени мыйзам боюнча ата-эне балдарга бирдей укуктуу. Балдар үйүңөргө келгенде кайра кетүүнү калашпаса, анда үйүңөрдө жашай беришсин. Эгер алар өз каалоолору менен калышса, силерге мыйзам чегинде эч нерсе болбойт. Ошондой эле сотко кайрылып балдардын жашоо ордун аныктап алсаңар болот.