// //

Суициддик ойлор эмне үчүн пайда болот? Психолог айтып берет

2020.12.07, 18:25
2530

Өз өмүрү менен кош айтышуу ойлор ар бир адамда пайда болот. Айрымдары ушундай ой кетирип, андан ары эмне боло турганын элестетип көрүшөт да ошону менен токтошот. Ал эми кээ бирлер суицид жөнүндө катуу ойлонуп, оюн ишке ашырууга аракет кылат. Тилекке каршы, кээ бирлери максатына жетет, дейт психолог Асель Суюнбаева

Адатта мындай ойлор:

  • узак депрессияда болгондо;
  • өзүн аябай уятту бир нерсе жасадым деп санаган учурда;
  • көңүл бурууну талап кылуу ыкмасы катары пайда болот.

Депрессияда жүргөндөрдө суицидалдык ойлор узак убакытта бышып жетилет. Алар “мен эч кимге жакпайм”, “колуман эч нерсе келбейт”, “жада калса эн жакын адамдарым мени жакшы көрбөйт”, деп ойлонушат, ошол ойлорун жанындагыларга да айтышы мүмкүн.

Уяттуу ишке бардым, мен чон күнөо кетирдим, мен мындай жүк менен жашай албайм, андан көро озүмо кол салганым артык, деген ойдо болушат. Мындайда суицидалдык ойлор кыска убакытта пайда болуп, адам аны тезирээк ишке ашырганга аракет кылат.

Ал эми өзүнө көңүл бурууну талап кылган адамдар бир нече ирет аракет жасаап көрөт, колун, кан тамырларын кесип, улам ооруп, болушунча денесине залал келтирет. Бул адамдар болгон жүрүм-туруму менен мага көңул буруп койгула, мен жардамга муктажмын, деген ойду билдиришет.

Суициддик ойлор мээримге бөлөнгөн үй-бүлөдө өскөн балада пайда болушу мүмкүнбү?

Мүмкүн, бирок мындай болуу тобокелчилиги өтө төмөн. Чындап эле мээримге бөлөнгөн өспүрүмдө мындай ой жаралбайт.

Биз сырттан андай үй-бүлөнү телегейи тегиз, жетиштүу турмушта жашаган, ата-энеси жанында, коомдо сыр-урматка ээ болгон адамдар, деп кабыл алышыбыз мүмкүн. Бирок үй-бүлөнүн ичинде чындап эмне болуп жатканын ар дайым эле биле бербейбиз да.

Ошондуктан балдар менен көбүрөөк сүйлөшүү керек. Адатта аларды жөн гана уга турган адамы жок болуп калат. Чоңдор “убактым жок”, “кайдагыны сүйлөбө”, “башымды оорутпа” деп кутулушат.

Көбүнчө өспүрүмдөр өлүмдү көйгөйлөрдү чечүү жолу катары кабыл алышат. Бул чындап ошондойбу?

Жок, албетте жок! Кандай көйгөй болбосун анын чечилүу жолу бар. Эгер сен тирүү болсоң жашоо, тагдыр, турмуш, көйгөйдү чечүүнүн бир нече вариантын сага сунуштайт. Ар дайым өмүрдү тандоо зарыл.

Мындай учурда өспүрүм өзүнө кантип “стоп!” деп айта алат, бул ойлордон кантип кутулат?

Эн биринчи жалгыз калбоого аракет кылуу керек. Жакындарың, курбуларың, досторун менен сүйлөш, оюуңду башка нукка бурууга аракет кыл. Адамдардан жардам суроодон тартынба.

Ошого бараткан адам өз денесин сезбей калат экен. Акыркы муноттөрдү аны кандайдыр бир күч, азгырык жтелеп бараткандай сезилет, бирок иштин бары жасалгандан кийин өкүнүү сезими келет, бирок артка жол жок болуп калат.

Ошондуктан терең, кере-кере дем алгыла, бөлмөдөн сыртка чыккыла, күндүн нурун карап, денеңер менен анын жылуулугун сезгиле. Жаан жаап жатса, жаандын бетиңерге, колуңарга тийип, кийимиңер суу болуп жатканын байкагыла, жылаңайлак баскыла. Кызкасы, денени сезүү керек. Көйгөйлөр сен тирүу кезиңде гана чечилет.

Мен биздин коомубузга да кайрылгым келет. Эгер көчөдөн, же коомдук жайдан ыйлап бараткан адамды көрсөңөр жөн гана “Бардыгы жайындабы?”, “Сизге эмне болду?” “Мен сизге жардам бере аламынбы?”, - деп сурагыла. Ушул жөнөкөй кайрылуу адамдын өмүрүн сактап калышы мүмкүн.  

#билесиңбиөспүрүм

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт