// //

Кайын энем базарга барып сүйгөнүнө жолугуп калыптыр

2020.12.06, 14:28
11978

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет жаш келиндин катын жарыялайбыз. Эскертүү! Каармандардын аты өзгөртүлдү. Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт, интернеттен алынды!

Кайын энемдин тоюнда сүйүү бар экенине ишендим. Өзүмдү кармай албай көз жашымды төктүм. Күйөөм “ысып кеттим” демиш болуп, улам дааратканага барып бетин жууп келет. Намыстанып көз жашын жашырып жатканы да.

Жаңы келгенде эле кайын энемдин көзүндөгү муңду байкагам. Мага жоолук салып жатканда батасын берип, сүйүнгөнү менен көздөрү муңдуу эле. Жүрөгүндө бир сыр бар болчу. Ал сыр көп жылдан бери сакталып келатканын дароо билдим.

Унчукпай, ойлуу басып жүрө берет. Тоокторго жем чачып жатып, бир орунду тиктеп туруп калмай адаты бар. “Апа, жүрүңүз чай ичели” десем, “макул, кызым”,-деп коет. Анан ойлорун жыйынтыктап алып бир топтон кийин келет. Сандыгынан түбүндө бир бет аарчысы бар. Кээде ошону алып чыгып жыттап, кайра ордуна салып коет.

Түн. Күйөөм экөөбүз кино көрүп жатканбыз.

- Жаным.

- Оу.

- Атаң менен апаң кантип үйлөндү эле.

Бир саамга унчукпай турду.

- Атам менен апамды ата-энелери кыйнап үйлөндүрүп коюшкан экен. Экөө бири-бирин катуу сыйлаганы менен, сүйө алышкан жок. Мунун баарын атам ооруп төшөккө жатып калганда билдим: “Уулум, апаңа тирек бол. Ал сени аябай жакшы көрөт. А мен анын жүрөгүн багынта албадым. Бирди сүйгөн жүрөгү, экинчисин сүйө албады.” Ал кезде бала элем, айткандарын түшүнгөн эмесмин. Азыр ойлосом, апамдын сүйгөн жигити тууралуу кеп болгон экен.

- Эгер ошол адам апаңды издеп келсе эмне кыласың?

- Сүйүнөм.

Кайын энем базардан башкача болуп келди. Бир орунда тура албай, ары-бери баса берди. Акыры, “кызым (мени келиним эмес кызым дейт) сенден жакын эч кимим жок, айтпасам жарылып кетем”, -деп, бөлмөсүнө жетелеп жөнөдү. Эшикти жаап туруп, “тагдыр бизди кайрадан жолуктурду”,-деп ыйлай баштады. Кучактадым. Кеп эски сүйгөнү жөнүндө болуп жатканын жүрөгүнүн согушу айтты.

Кайын энем өзгөрдү. Күлүп баштагандан бери, ушунчалык сулуу аял экенин байкадым. Чын, аябай сулуу аял экен. Көздөрү жайнап, бир башкача ачылды.

Күйөөм апасы үчүн кафеге дос-туугандарын чакырып той жасады. Ошондо биринчи жолу тиги байкени көрүшүм. Чачын эле ак басып калбаса, ал дагы келишимдүү экен. Кайын энемди бир башкача карайт. Байкасам колун такыр кое берген жок. Той аяктап калганда микрофонду алып бир гана сөз айтты. “Мен сени 50 жыл күттүм.”

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кудагыйыма “кызымды көлөкөгө баккам” десем, “мен деле күн көрсөтпөйм” деди

Күйөөмдүн кандай жол менен акча таап келгенин угуп боорум эзилди

Күйөөмдүн жалаяк жууп жатканын угуп аябай таң калдым

Үч баласы бар аялга үйлөнгөнүмө эч качан өкүнбөйм

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт