// //

Классташтарың шылдыңдаса эмне кылуу керек? Психологдон 5 кеңеш

2020.12.05, 20:16
1698

“Ботаник”, “отличник”, “очкарик”, “төрт көз”, “бочка”, “дрыщь”, “сасыткы” ж.б. Бул сөздөр сага тааныш болуп жатабы? Классташтарың сени ушинтип шылдыңдайбы? Эч капаланба! Психолог Нуриза Батырбекова эмне кылуу керек экенин айтып берет.

1. Эч качан өзүң жөнүндө жаман ойлобо!

Эгер сени шылдыңдап жатышса, анда сенде күнөө жок. Сени шылдыңга алып жаткан адамда бир нерсе туура эмес. Алар бирөөнү шылдыңдап жаман адам болууну чечишти. Ал эми сенин өзгөчөлүктөрүң, сени сулуу кылып турат. Алар сенин ажырагыс бөлүгүң, сен ошону менен уникалдуусуң. Бирөөнүн сөзүнө ишенип, “а мен чындап эле ошондой экенмин”,- деп ойлобо. Угуп жатасыңбы, өзгөчөлүгүң сени эч качан жаман адам кылбайт. Башкалардын сөздөрү маанилүү эмес.

2. Реакция кылба!

Көңүл бурба, тынчсызданба, эч кандай реакция кылбай койсоң, акыры тажай баштайт. Эгер алар бетиң кызарып, көзүң жашылданып же болбосо жооп кайтарып, талашып-тартышканыңды көрүшсө, кайра эки эсе күчөп, жыргап кубанышат. Анткени, алар ошону күтүп жатышат. Сенин алсыздыгың аларды күчтүү кылат.

3. Оюндун эрежелерин бил!

Шылдыңдап жаткандар курмандыгынан эмнени күтөт, билесиңби? Ыйлоону, актанууну, ачууланууну, жооп кайтарууну, кыйкырууну ж.б. Эгер сен буларды аткарсаң, анда алар сүйүнүшөт. Ошон үчүн алар ойноп жаткан оюнга кирбе. Мисалы, тетрадыңды алып ыргытып башташса, аны алам деп убара болбой, жөн гана артка бурулуп кетип кал. Ошол учурда оюндун кызыгы дароо жоголот, тигилер эмне кылаарын билбей калышат жана сени ата-энеңе же мугалимге барып айтат деп корко башташат.

4. Күлүп кой!

“Балким ошондой”, “көңүлүңөрдү ачканыма кубанычтамын”, “сага ошентип ойлогон жагат экенин байкадым”, “ооба, сеники туура” ж.б сыяктуу сөздөр менен жайбаракат жооп бер. Ийниңди куушуруп, жылмайып кой. Ооба, алар кайра күчөшү мүкүн. Бирок, мындай абалдары көпкө созулбайт. Анткени, сенден өздөрү күткөн реакцияны алалбай калышты.

5. Чектен чыга башташса, ата-энеңе, мугалимиңе билдир!

Эгер чындап эле сенин көңүлүңдү катуу оорутушса, атайлап буюмдарыңды сындырышса, кийимдериңди айрышса, акчаңды алып коюшса, денеңе кол тийгизишсе, коркутуп үркүтүшсө дароо ата-энеңе, жакындарыңа, мугалимиңе, социалдык педагогго, ИДН адистерине айт. Ошондой эле 111 балдар ишеним телефонуна чал. Ушакчы болуп калам деп чыдап отура бербе. Сен жүйөөлүү бир себептерден улам арызданып жатасың, бул нерсе эң туура. Анткени мындай учурда чоңдордун жардамы керек.

#билесиңбиөспүрүм

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт