// //

Күйөөмдү эсим ооп кулап коркутуп койсом, көзүмдү карап калды

2020.12.04, 16:09
9368

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир айымдын катын жарыялайбыз. Эскертүү! Каармандардын аты өзгөртүлдү. Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт, интернеттен алынды!

Ии, окубай жатып мени урушкуңар келип кеттиби? Аягына чейин окугула анан түшүнөсүңөр. Баса, бул лайфхак эмес! Эч кимиңерге мындай кылгыла деп үндөбөйм. Айла жоктон, ойлонуп табылган амал болду (күлүп).

Баш кошконубузга беш жыл болду. Эки балабыз бар. Тентектигин айтпагыла, бир орунда турушпайт. Үйдүн баарын эбак эле бүлдүрүп бүтүшкөн. Экөө чоңойгондо ремонт кылбасак, азыр аны жасоонун пайдасы деле жок. Бир күндө он жолу кийимдерин котором.

Мышыгыбыздын жүнү калбай калды. Экөөнү көрөрү менен качат. Анан кантсин байкуш, жулмалана берип ал деле чарчады.

Чоң апасы менен таенеси бир команда болуп алышкан. “Кой айланайын, бул эки каракчыга алабыз жетпейт, бизге тийишпегиле”,-деп качып кетишкен. Мен дагы аларга кошулуп кетип калат элем, кайдан...

Күйөөм жумуштан келери менен жатып алат. “Чарчадым, сен болсо жыргап үйдө отурдуң” дегенде күйүп кетем. Менин ордума өзүн коюп көрбөгөндөн кийин ишенбей турганын билем. Тактика ойлоно баштадым. Анан таптым...

Кирди чайкап бүтүп, күйөөмдүн жанына бардым.

- Жуман, тур кирлерди жайып койчу. Эмнегедир башым айланып жатат. Эртеден бери балдар менен жүрүп чарчадым.

- Макул, коюп кое бер, азыр рекламада барып жайып коем.

- Тим эле кой, өзүм жаям.

Бурк этип сыртка чыгып кеттим. Кир жайып жаткам. Эшиктин ачылганын, сүйлөнүп басып келатканын байкадым. Дароо ошол убакта ыңгайлуу позаны тандап туруп куладым. Кулагандан дагы күлбөй коюу оор болду. “Жаным, жаным, эмне болду? Суранам көзүңдү аччы? Мени угуп жатасыңбы?” Мени көтөрүп алып үйгө жөнөдү. Суу алып келип чачып жатат, мен билмексен болуп жатам. Ыйлап алган деп койгула. Күлкүмдү араң кармап турдум. Тез жардам чакырганы баратканда, акырын көзүмдү ачып, “Жумаан” деп угулар-угулбас үн чыгардым. Чуркап келип бетимден өпкүлөп кирди.

Эртеси "жакшылап эс ал" деп балдарды алып кайын энемдикине кетип калды. Бир күн кечке жыргап уктадым.

Ошондон бери күйөөм өзгөрдү. Жумуштан келип алып кол кабыш кылат. Кирлерди жууп, эрте келсе тамак жасап, кечинде мени уктай бер деп коюп, түнү менен балдар менен отурат. Ишенесиңерби, кадимкидей эс алып өзүмө келе баштадым. Ар дайым ачылбаган маанайым дагы көтөрүлүп, өзүмө карап калдым. Күйөөм дагы сулуу боло баштаганымды көрүп, ого бетер жардам бере баштады. Кыскасы, менин баяным ушундай. А силерде кандай кызыктуу окуя болгон?

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кудагыйыма “кызымды көлөкөгө баккам” десем, “мен деле күн көрсөтпөйм” деди

Күйөөмдүн кандай жол менен акча таап келгенин угуп боорум эзилди

Күйөөмдүн жалаяк жууп жатканын угуп аябай таң калдым

Үч баласы бар аялга үйлөнгөнүмө эч качан өкүнбөйм

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт