Бир жылда эки жолу боюман түштү. Эмне кылышым керек?
Саламатсызбы! Бир жылда эки жолу "замершая беременность" болуп тазалаттым. Биринчисинде сактанып, дарылангам. Дагы ошондой болуп калбаш үчүн эмне кылышым керек?
Раушан Джумагулова
Акушер-гинеколог
Саламатсызбы! Сизге тезинен гинекологдун жана генетиктин консултациясы керек. Ошондой эле анализ тапшырып, толук текшерүүдөн өтүшүңүз зарыл(инфекциялык скрининг, гормоналдык ж.б.). Эң негизгиси күйөөңүз дагы сиз менен кошо милдеттүү түрдө текшерүүдөн өтсүн. Мурунку анализдериңизди, деги эле өзүңүздү көрбөй туруп бир нерсе деп айтуу кыйын.
Ден соолукта болуңуз!
Гинеколог Раушан Джумагулованы инстаграмдагы @erkai_clinic баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Бул жерден кош бойлуулук жөнүндө дагы окусаңыз болот:
Токсикоздун белгилери жана аны жеңилдетүү жолдору
Эклампсия деген эмне? Белиглери, себептери жана кесепети
Толгоо башталганын кантип билем? Кош бойлуу келиндер үчун шпаргалка