// //

“Кошумча аз кошот” деп досум аялым экөөбүздү тоюна чакырбай коюптур

2020.12.03, 16:48
7990

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир мырзанын катын жарыялайбыз. Эскертүү! Каармандардын аты өзгөртүлдү. Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт, интернеттен алынды!

Кайда барбагын той: көчөгө чыксаң кафе-ресторандар, инстаграмга кирсең сүрөттөр, дүкөнгө барсаң көйнөктөр. Жадакалса, туугандарыңдын эки сөзүнүн бири той. Качып кутулууга такыр мүмкүнчүлүк жок.

Тойду жаман деген жерим жок. Жакшылыктын жышааны, аны четке кага албайбыз. Бирок, кээде адамгерчиликти аттап, аша чаап кетип жатканыбызды айтам да.

Келинчегим экөөбүз дүкөн иштетебиз: мен продукт ташыйм, ал сатат. Тапканыбыздын баарын үч балабыздын билимине жумшайбыз. Ишенесиңерби, өзүбүзгө байпак алганга тыйын калбай калат. Эми минтип карантин башталгандан тартып кардар жок. Жумуш токтогону аз келгенсип, катыштар токтой баштады.

Мурда той-топурга чакырылсак, эң аз дегенде он миңден кошот элек. Азыр эки миңди араң чыгарабыз. 

Аялым дагы акыркы күндөрү “мен барбай эле коюнчу” дей баштады. Алтыным десе, улам бир көйнөктү кийип баргандан уялып жатканын жашырып, ооруп калдым деп кое берет. Ушу келинчегиме бир көйнөк алып бере албаганыма арданып кетем.

Бүгүн дагы кардар жок, дүкөндү эрте жапканга туура келди. Аялым экөөбүз ээрчишип алып, ойлуу басып келатсак классташ балам жолугуп калды. Тим эле жасанып алыптыр.

- Ай, кайда жөнөдүң?

- Жоки уулун отургузуптур, той берип жатат. Сени чакырган жокпу?

- Жок. Сенден угуп жатам.

- Экөөң аябай дос элең го.

- Мен дагы ошентип ойлогом.

Көрсө, менин аз  кошумча кошорумду билип чакырган эмес экен. Муну эртеси өзүнөн уктум. "Дос, кечир, тойду карыз алып өткөрдүм. Чыгашаны жабыш үчүн тандап чакырдым." Таарынган жокмун, аны дагы түшүнүп турам. 

Бул күндөр дагы өтөт. Мен буга ишенем. Кыйынчылыктардын болуп турганы жакшы. Сенин көзүңдү ачып, кимдин-ким экени көрсөтүп коет. Буйруса ишибиз оңолсо чоң той берем. Конокторго дароо, конверттин ичине акча эмес, батаңарды салып келгиле деп айтам. 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кудагыйыма “кызымды көлөкөгө баккам” десем, “мен деле күн көрсөтпөйм” деди

Күйөөмдүн кандай жол менен акча таап келгенин угуп боорум эзилди

Күйөөмдүн жалаяк жууп жатканын угуп аябай таң калдым

Үч баласы бар аялга үйлөнгөнүмө эч качан өкүнбөйм

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт