Эшек минип келатып сүйгөнүмө жолугуп калып уят болгом
Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет жаш жигиттин катын жарыялайбыз. Эскертүү! Каармандардын аты өзгөртүлдү. Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт!
Өзүмдү “мачо” сезип алгам. Мода кууп кийинип, ай сайын телефонумду алмаштырып, чачымды “модельный” кылып кырктырып дегендей. Болбосо, экинчи эле курстун студентимин. Баары мени чоңдун баласы деп ойлошот. А чынында пенсия күтүп жашаган кемпир-чалдын уулумун.
Акчаны кайдан тапканым кызык болуп кеттиби? Сабактан кийин цехте үтүкчү болуп иштейм. Сменим түндө болгондуктан мени эч ким деле көрбөйт. Андыктан, койкоңдоп жүрсөм тааныштар жолугуп калат деп кабатыр болбойм деле. Нормадан тышкары жумуш бүтүрөм. Тапканым өзүмө гана эмес, ата-энеме нават, конфет салып, светин төлөп бергенге жетет.
Ушу коңшу айылдагы сулуунун көңүлүн буралбай койдум. Жасанып алып жанынан канча ирет өтсөм дагы карабады. Духим жакпай жатабы деп башкасын алып себиндим, бир кылчайып койбойт.
Баса, аны кантип сүйүп калганымды айта кетейин. Каникулда айылга баратып бир таксиге отуруп калдык. Жанымдагы эже менен сүйлөшүп келаткан, ошондо коңшу айылда турарын билдим. Менден бир курс төмөн окуйт. Ал терезеден жолду карайт, мен жалдырап аны карайм. Эмне болуп сүйүп калганымды деле билбей калдым.
Каалап турсам дагы репутациямды түшүрүп артынан чуркагым келбеди. Досторум шылдыңдайт дедим. Алардын көзүнчө кыз жактырбай жүрчү элем. Күн сайын аны ойлойм. Уйку качты. Ар дайым гелденип турган чач апсайды. Ошондо дагы сыр билгизбегенге аракет кылып жүрдүм. Бир жолу кечигип сабакка баратсам алдыман чыгып калды. “Эй, кандайсың!” десем, карап туруп унчукпай өтүп кетти.
Айылда ата-энемдин жанында жүргөм. Апам үйдө картошка түгөнүп калганын айтты. Дүкөнгө басып баргандан эринип, атамдын кара эшегин минип алдым. Бир килограмм картошканы эшекке артып коюп, сникерс жеп жайбаракат келатсам алдыман чыкты. Шоколадды кантип жутканымды билбей калдым. Бул ирет ал “Эй, кандайсың?” деди. Күлдүк.
Эшегиме отургузуп айылына жеткирип койдум. Жол боюу сүйлөшүп бардык. Коштошуп жатып, “адамдын сулуулугу жөнөкөйлүктө, сен мага эшегиң менен жактың”,-деп, номерин берди. Үйгө кирип барсам, апам картошканы сурады. Бактыма балкып, эшектин газын тээп келатып картошкам жолго түшүп калыптыр. Кайра дүкөнгө жөнөдүм.
Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:
Кудагыйыма “кызымды көлөкөгө баккам” десем, “мен деле күн көрсөтпөйм” деди
Күйөөмдүн кандай жол менен акча таап келгенин угуп боорум эзилди