Кулагыма суу кирип кетти, кандай ыкмалар менен чыгарса болот? Лор жооп берет
Саламатсызбы, менин кулагыма суу кирип кетти, көп ыкмаларды колдонуп көрдүм, бирок бир жумадан бери чыкпай жатат. Больницага баруудан коркуп турам. Дагы кандай жолдору бар, айтып коюуңузчу?
Владимир Пак
Отоларинголог
Саламатчылык. Бир жумадан бери суу чыкпай жатса, демек башка да себептери бар. Балким кулактын ичиндеги кулку нымдашып көөп кетти, суу менен кошо инфекция кириши мүмкүн, а балким суук тийип курч отитке айланды.
Так аныктоо үчүн лорго барып көрүнүшүңүз керек. Доктурга кайрылуудан коркпой эле коюңуз. Күчөтүп жибербей эртерээк барыңыз.
Ден соолукта болуңуз.
Владимир Пак менен инстаграмдагы @Vladimir_md баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Бул жактан ЛОРго тиешелүү башка суроолорго жоопторун окусаңыз болот:
Ангинадан жабыркап келем, такыр алдырып салса болобу? Отоларинголог жооп берет
Уйку сурап оозумду ачканда кулагым кадимкидей бүтөлүп калат. Эмне кылыш керек?
Кулактан тарсылдагы жарылып калса, кайра өзү эле бүтөбү? ЛОР жооп берет