Кытыгыдан коркуу оорубу? Невролог айтып берет
Кытыгылаганда баары эле күлө бербейт
Жагымдуу сезимдерди тартуулаган кытыгынын зыяндуу жактары да бар. Теринин ашыкча сезимталдуулугу кооптуу оорулардын белгилери болушу мүмкүн. Бул нерсени кытыгы деп айтууга болбойт.
Адамдар кытыгыдан канчалык көп корксо, демек алар "гиперестезия" синдромуна чалдыккан. Бул тери катмары өтө сезимтал дегенди түшүндүрөт. Себептери абдан көп.
Айрымдарына токтолсок:
- Баш сөөк ичиндеги басым
- Кыжырдануу
- Жогорку кан басым
- Интоксикация
- Зат алмашуу процессинин бузулушу
- Васкулит, склеродермия сыяктуу системдик оорулар ж.б.
"Кытыгыдан корком, денеме кичине эле колумду тийгизип койсом ооруп кетет” деп бир кыз кайрылды. Чечиндирип көрсөм денесинин баары көк ала экен. Текшерүүдөн кийин кан тамырлары карышып, кан айлануусу бузулуп калганы аныкталды. Эгерде кан тамырлар карышып калса, тери өтө сезимтал болуп калат. Ал кызды тамчылатуу менен дарылоо ыкмасына жибердик. 4-5 жолу тамчылатуу алгандан кийин интоксикация басылып, карышуу жайылып, кан айлануусу калыбына келди. Азыр ал кытыгыдан коркпойт.
Ден соолугубуздагы көйгөйлөр белгилүү бир себептен улам пайда болот. Ашыкча кытыгы бар болсо, бул нормалдуу деп жүрө бербестен тезинен дарыгерлерге кайрылыңыз.
Гиперестезияны алдын алуу үчүн төмөнкүлөрдү аткарыңыз.
- Туура тамактаныңыз, көбүрөөк сейилдеңиз.
- Күнүнө белгилүү бир учурда уктаңыз жана ойгонуңуз.
- Кан басымыңызды көзөлдөп туруңуз.
- Профилактика үчүн ай сайын дарыгердин көзөмөлүнөн өтүңүз.