Кошулганда эркек спиралдын жиптерин сезиши мүмкүнбү? Гинеколог жооп берет
Жакында спираль салдыргам, күйөөм менен кошулганда, бир нерсеге тийгендей болуп жатат, деп жатат. Менин суроом, кошулганда спиралдын жиптерин эркек сезиши мүмкүнбү?
Жамиля Сагинова
Гинеколог-эндокринолог
Саламатсызбы. Эгер спиралдын жиптери өтө узун болсо, жыныстык катнаш учурунда өнөктөшүңүзгө сезилип, ыңгайсыздык жаратышы мүмкүн.
Мындайда кайра гинекологго кайрылышыңыз керек, ал спиралдын жиптерин тиешелүү деңгээлге чейин кыскартып коет. Андан кийин сиз да жолдошуңуз да спиралдын бар жогун сезбей каласыңар.
Ден соолукта болуңуз!
Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @ginekolog_endokrinolog1 баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Бул жерден адистин башка суроолорго берген жоопторун окусаңыз болот:
Боюмда бар, демим кысылып жатат, бул нормалдуубу же доктурга көрүнүшүм керекпи?
УЗИге түшсөм баланын башында суусу бар деди. Ал эмне дегенди билдирет?
Кош бойлуумун бирок кан кетип жатат. Доктурга кайрылсам боюмдан алып салбайбы?
Разрыв болгом, тиктирген жерим ажырап кетиптир, кайра тиктирсем болобу?
Уул төрөгөүм келет, кандай ыкмаларды кылсам болот? Гинеколог жооп берет