Өспүрүмдөрдүн баңгизат жөнүндө сленгдери. Ата - энелер үчүн сөздүк
Эгер балаңыздан төмөнкү сөздөрдү уксаңыз, тынчсызданууга олуттуу себеп бар: бала баңгизат жөнүндө сүйлөп жатат.
Таасири күчтүү синтетикалык каннабистин көптөгөн ысымдары бар.
"Дживик", "спайс", "микс", "трава", "зелень", "книга", "журнал", "бошки", "головы", "палыч", "твёрдый", "мягкий", "сухой", "химия", "пластик", "сено", "липкий", "вишня", "шоколад", "россыпь", "рега", "дым", "зеленый флаг", "ляпка", "плюха" — булардын баары препараттын сырдуу аттары.
"Соль", "микс", "легалка", "скорость", "белый", "ск", "мука", "рега", "росс" — коркунучтуу синтетикалык баңгизат.
"Закладка", "клад" — баңгизат катылган жер.
"Разминировать" — баңгизатты катылган жеринен таап, пайдалануу.
"Колеса", "калики" – мас кылуучу таблеткалар.
"Бонг", "булька", "бульбулятор", "труба", "ботл", "батл", "бульбик" — баңгизат чегүү үчүн аспаптар, адатта өспүрүмдөр өздөрү колго жасашат.
"Куры", "курицы", "кураки" — курьерлер.
"Трип-репорт" — баңгизат саткан сайтка жазылган комментарий (кандай таасир алганын).
Баңгизат колдонгон өспүрүмдөрдө кандай белгилер болот?
- Өспүрүм бензин, ацетон жыттана баштайт.
- Өңү бозоруп же тескерисинче кызарып, алакандары бат тердейт.
- Каректери чоңоюп, денелери кычышат.
- Кыймылдарынын багыты өзгөрөт.
- Көп сүйлөп, бир орунда тура албай, таттуу азыктарды көп жеп калат.
- Арыктап, чүнчүйт.
- Колдорунда ийненин изи пайда болот.
- Эс тутуму начарлайт, уйкусу качат.
- Сабакка барбайт, үйгө кеч келет.
- Бат - баттан акча сурайт, үйдөн баалуу буюмдар жоголо баштайт.