Жеңе, сиз кеткенден кийин апамдын бир колу кесилип калды. Кайын сиңдинин каты
Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет кайын сиңдинин катын жарыялайбыз. Эскертүү! Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт, өздүк булактардан алынды!
Кыздар үчүн жеңенин орду чоң экенин эми гана баамдап отурам. Тилекке каршы, ичимде калган бөксөлүк менен...
Эсимде, сиз ак жоолук салынып көшөгөдө отурганда жаныңызда болчумун. Анда 17 жашта элеңиз, а мен 15те. Ошондо жаш келгениңизге карабастан, турмушту чыйрактыгыңыз менен өздөштүрүп, туугандарыбыздын сүймөнчүлүгүнө ээ болдуңуз. Өзгөчө биздин үй-бүлө сизди абдан жакшы көрөбүз.
Үйдө той-топур болот дегиче, таң эрте Нургүл жеңем экөөңөр келе калып, кызматыңарды баштачу элеңер. Силер катышкан мындай мааракелер мага шаңдуу сезилчү. Бир жагынан биздин үйдү тейлеп, чуркап барып балдарыңызды тойгузуп, кайра келип түн бир оокумга дейре казан-аягыбызга чейин жууп кетчү элеңиз.
Мени турмушка узатканда артымдан кошо кууп келип, улам-улам абалымды сурап, жанымда жүрдүңүз. Эсте калган да, калбаган да көп жакшылыктар сиз менен байланыштуу.
Жеңе, эми биздин үйдө жакшылыктар болгону менен, баягыдай сиз жоксуз. Апамдын бир колу кесилип калгандай болду. Эми гана уул-кызыңар мектеп босогосун аттап, өзүңүз болгону 25ке толуп турганда, байкемдин капыстан келген ажалы экөөңөрдү эки тарапка чапты.
Байкем каза болгондон бери экөөбүз көрүшө элек болчубуз. Айылга бир барсам, сиз менен жай отуруп сүйлөшөм деп жүргөн элем. Аттиң, жетишпей калдым. Айылдан биротоло кетти деген кабарды угуп, ичим бошой түштү, кармана албай ыйладым. Телефондон акыбалыңызды сурап койбосом, ашыкча эч нерсе жаза албадым. Агамдан калган жаратыңызды козгогум келбеди.
Жеңеме кандай мамиле кылып, кандайча колдоо көрсөтөрүмдү билбей турам.
Ишенесизби, сиз менен аябай сүйлөшкүм келет эле. Азыр экөөбүз сырдашпасак дагы, чыныгы жеңелик мамилеңизди эч качан унутпайм. Менин көз алдымда келин жана жеңе атында мыкты үлгү катары кала бересиз! Шарипа жеңе, сизди үй-бүлөбүз менен жакшы көрөбүз!
Адис кеңеш берет
Нуриза Батырбекова, психолог
Саламатсызбы! Байкеңиздин арты кайрылуу болсун! Эң биринчиден бул үй-бүлөңүз, ошол эле сиз жана жеңеңиз үчүн орду толгус чоң жоготуу. Катыңызды окуп отуруп, сезимтал экениңизди байкадым. Тилекке каршы, арадан канча убакыт өткөнүн билбейт экенмин. Ошентсе дагы, сизге бир аз жеңил болуш үчүн, эң биринчиден жеңеңиз менен ачык сүйлөшүңүз, деп кеңеш бермекмин.
Балким, жеңеңиз дагы сизге ичиндеги сырларын айтып, ачык сүйлөшкүсү келип жүрөт. Экөөңөр бетме-бет отуруп эле, бири-бириңерге болгон жылуу сезимдериңерди, ыраазычылыгыңарды билдиргиле. Бул нерсе экөөңөргө тең жардам берет жана кийинки мамилеңер кандай болорун көрсөтөт.
Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:
Күйөөмдүн кандай жол менен акча таап келгенин угуп боорум эзилди
Күйөөмдүн жалаяк жууп жатканын угуп аябай таң калдым
Үч баласы бар аялга үйлөнгөнүмө эч качан өкүнбөйм
Себим келгенден кийин кайын энемдин көңүлү көтөрүлүп мамилеси өзгөрдү
“Бизге тең эмессиң” деп келин кылбай койгон кайын энем тоюмда кызмат кылды
Он бир жыл чогуу жашагандан кийин тизелеп аялымдын колун сурадым