// //

Жигитмин, бирок кыздарга эмес эркектерге кызыгуум көбүрөөк. Бул эмне оорубу?

2020.11.18, 11:08
2847

Саламатсызбы. Мен жигитмин, бирок акыркы күндөрү кыздарга кызыгуум жок болуп кетти, анын ордуна балдарга болуп жатат. Бул эмнеси? Оорубу? Үйлөнсөм зыяны тийбейби?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
18.11.2020, 11:08

Нуриза Батырбекова

Психолог

Саламатчылык. Адамдын ориентациясы индивидуалдуу болот. Бул оору же нормадан четтегендик эмес. Адам ушундай болуп төрөлөт. 

Абалыңыз оор болуп турганы түшүнүктүү. Бирок ар бир адам эч кимге окшобогон индивид, бул сиздин өзгөчөлүгүңүз. Кандай болгон күндө да сиз бактылуу болууга, акыңыз жана мүмкүнчүлүгүңүз бар. 

Албетте мындайда үйлөнүп алсаңыз сизге да, болочок жубайыңызга да оор болушу мүмкүн. Ошондуктан теманы изилдеп, кабыл алууга чакырат элем. 

Ийгилик!

Камила Юсупова

Психолог

Саламатсызбы. Мындан арылуу мүмкүн эмес. Же өзүңдү жектөө, сындыруу аркылуу гана.

Гомосексуалдуулук жана өзүңдүн жынысыңдагы адамдарга тартылуу патология болуп эсептелинбейт. Буга жайбаракат гана мамиле кылуу керек.

Эгер сиз эркектерди жактыраарыңызды анык билсеңиз, демек ал чынында ошондой. Сиздин болгон жаратылышыңыз, түзүлүшүңүз, өзгөчөлүгүңүз. Ар бир адамдын мүнөзү, сырткы келбети, фигурасы, чачынын, көзүнүн өңү сыяктуу эле, бул сиздин бир бөлүгүңүз.

Учурда гомосексуалдуулук нормалдуу нерсе катары кабыл алынып, психикалык оору катарынан алынып салынган. Бул Оорулардын эл аралык классификаторунун акыркы, онунчу чыгарылышында көрсөтүлгөн.

Азыркы тапта сиз үчүн башкысы, өзүңүздүн жеке суроолоруңузга жооп табуу. “Ориентацияңыздын башка болушунун кемчиликтери эмнеде? Ал сизге кандай тоскоолдуктарды жаратып жатат? Сүйүктүү ишиңиз менен алектенүүгө, алдыга койгон максаттарга жетүүгө жолтоо болушу мүмкүнбү? Эгер сиз гетеросексуал болсоңуз, сиздин жашоо кандай болмок? Эмне иш кылмаксыз? Кандай кесипти тандамаксыз? Гомосексуал болуп туруп деле ал максаттарга жетүү мүмкүнбү?”

Ушул суроолорго чынчыл жооп берүүгө аракет кылыңыз.

#билесиңбиөспүрүм

 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт