“Разрыв” болдум, канча күндөн кийин кошулса болот? Гинекологдун жообу
Төрөгөнүмө бир ай болду. Ичинен “разрыв” болдум, азыркыга чейин анча-мынча кыймылдап койсом оорутат. Канча убакытта жакшы болуп кетет? Сырткы разрывдан айырмасы кандай? Канча убакыттан кийин кошулса болот?
Жамиля Сагинова
Гинеколог-эндокринолог
Саламатчылык. Ички разрыв жатын моюнчасында жана жыныс кындын капталдарында болсо керек. Булар сырткы “разрывка” салыштырмалуу көбүрөөк убакытта бүтөт.
Өзүнөн-өзү жок болуп кете турган жиптер менен тигилет, алардын толугу менен сиңип кетүүсүнө 2 айдан ашык убакыт кетет.
Жыныстык катнашка адатта 40 күндөн кийин кан кетүү толугу менен токтогондо барууга уруксат берилет. Бирок өзүңүздүн да абалыңызды байкап көрүңүз.
Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @ginekolog_endokrinolog1 баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Бул жерден адистин башка суроолорго берген жоопторун окусаңыз болот:
Боюмда бар, демим кысылып жатат, бул нормалдуубу же доктурга көрүнүшүм керекпи?
УЗИге түшсөм баланын башында суусу бар деди. Ал эмне дегенди билдирет?
Кош бойлуумун бирок кан кетип жатат. Доктурга кайрылсам боюмдан алып салбайбы?
Разрыв болгом, тиктирген жерим ажырап кетиптир, кайра тиктирсем болобу?
Уул төрөгөүм келет, кандай ыкмаларды кылсам болот? Гинеколог жооп берет