Жигитти кантип сагынтса болот? Кыздарга кеңеш
Жигитти сагынткың келеби? Бул үчүн бир нече жолдор бар.
Сыр сакта
Жолукканда дароо эле баарын айтып жибербе. Эркектер сырдуулукту жакшы көрүшөт. Спонтандуу бол. Аны күтүлбөгөн бир нерсе кылууга чакыр.
Буюмуңду калтыр
Үйүнө же машинасына буюмуңду калтырып кой. Мисалы, сөйкө же шакек болушу мүмкүн - жигит аны көргөндө сени эстеп, жолуккусу келет.
Каалоосун күчөт
Эркектерге каалаганын дароо берсең, кызыксыз болуп каласың. Өпкүсү келип жатабы, анда ага татыктуу болсун.
Дайыма жолуга бербе
Бүт убактыңды жигитке коротпо. Ар дайым жанында жүрсөң, ал сени сагынбайт.
Досторуң менен убакыт өткөр
Ага кантип убакыт өткөргөнүңдү айтып бер. Ал ансыз жыргап жашай ала турганыңды билиши керек.
Социалдык тармактарды пайдалан
Жеке баракчаларыңа бактылуу көз ирмемдериңди жүктө, көз карандысыз экениңди көрсүн. Кандай болсоң ошондой бол. Фейктин кереги жок! Жөн гана лентаңды жаңыртып тур.
Стилиңди өзгөрт
Жаңы чач жасалга, жаңы стиль, жаңы фигура - өзүңө болгон ишенимди көбөйтүп, жигитти кызгантат.
Дос катары мамиле жаса
Жигитке сагынганыңды көрсөтпө. Ага жөн гана дос катары мамиле кылсаң, сен жөнүндө ойлонбой кое албайт.
Бактылуу бол
Бактылуу бол, анткени сен бакытка татыктуусуң! Маска кийбе. Каалаганыңды жаса.