Кантип баш жазуу керек? Терапевттен кеңеш
Майрамдан кийин өзүңдү жакшы сезүү жолдору
Жаңы жылдын эртеси сөзсүз “Башым ий, башым” дегендер болот. Похмелден тез арада кутулуу үчүн эмне кылыш керек? Жооп издеп көрөлү.
Суюктук көп ичкиле
Организмден токсиндерди чыгаруу үчүн көбүрөөк таза же минералдык суу ичкиле. Сууга лимондун ширесин, жалбыз (мята) кошуп койсоңор болот. Туздалган бадыраңдын суусунан баш тартканыңар оң. Себеби ал, тескерисинче, денедеги сууну кармап, шишитет.
Ичкен күндүн эртеси кайра арак ичип баш жазбагыла.
Душка түшүп, уктагыла
Муздагыраак сууга бир чайканып алып, уктаганга аракет жасагыла. Уйку башты бат жазат.
Тамактанып, сейилдеп келгиле
Эртең мененки ток тамак похмелден чыгууга жардам берет. Бөлмөлөрдү желдетип, таза абада сейилдеп келгиле.
Похмелден чыгам деп баняга түшүү жүрөккө зыян.
Суюк шорпо жасап ичкиле
Баш ооруга аспирин, парацетамол же “активированный уголь” жардам берет. Суюк шорпо жасап, ага мурч, калемпир кошуп ичсеңер да болот.
Ичимдик ичүү ден соолукка зыян!