// //

Милиционер күйөөмдөн алимент өндүрөм десем коркуп жатат. Эмне үчүн?

2020.11.07, 11:15
1736

Күйөөм экөөбүздүн нике окутканыбызга жакында бир жыл болот. Бир кызым бар ажырашып жатабыз. Күйөөм милиционер. Сүйлөшүп жүргөндө боюмда бар болуп калып, мага айла жок үйлөнгөн. Эми сот аркылуу алимент төлөтөм десем коркуп жатат. Эмне үчүн экенин билбейм. Күйөөмө залакасы тийип калабы?

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
07.11.2020, 11:21

Нурислам Раимжанов

"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи

Урматтуу окурман! Мындан ары чогуу жашоо мүмкүн болбосо жана ажырашууну туура көрсөңүз, сот аркылуу ажырашсаңыз болот. Бул жерде корко турган эч нерсе жок. Ошол ажырашуу процессинде алимент өндүрүү маселесин чечтирип, кызыңызга алимент кестирип алсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
07.11.2020, 11:52

Кантип мураска ээ болом?                                Апам отуп кеткендигине байланыштуу улушумду алайын дегем бирок ортодо тагам чыгып уйду алып койду синдимде дагы бир уй бар аны сатып тен экиге болоюн десем болбой атышат кайда кайрылам.иштегенге ден соолугум жакшы емес 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт