Милиционер күйөөмдөн алимент өндүрөм десем коркуп жатат. Эмне үчүн?
2020.11.07, 11:15
1921
Күйөөм экөөбүздүн нике окутканыбызга жакында бир жыл болот. Бир кызым бар ажырашып жатабыз. Күйөөм милиционер. Сүйлөшүп жүргөндө боюмда бар болуп калып, мага айла жок үйлөнгөн. Эми сот аркылуу алимент төлөтөм десем коркуп жатат. Эмне үчүн экенин билбейм. Күйөөмө залакасы тийип калабы?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
07.11.2020, 11:21
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Мындан ары чогуу жашоо мүмкүн болбосо жана ажырашууну туура көрсөңүз, сот аркылуу ажырашсаңыз болот. Бул жерде корко турган эч нерсе жок. Ошол ажырашуу процессинде алимент өндүрүү маселесин чечтирип, кызыңызга алимент кестирип алсаңыз болот.
0
Пайдалуу жооп