Кынымда майда бүдүрчөлөр пайда болду, бирок мен жыныстык катнашка бара элекмин
Саламатсызбы. Ишиңизге ийгилик. Сиздин сайтты окуп, көп керектүү маалыматты ала алдым.
Менин жыныстык эриндериме майда бүдүрчөлөр пайда болду. Интернеттен окусам кандилома болушу мүмкүн, ал жыныстык катнаш аркылуу жугат экен. Бирок мен турмушка чыккан эмесмин, жыныстык катнашка бара элекмин.
Эмнеге мынтип жатат?
Жамиля Сагинова
Гинеколог-эндокринолог
Саламатчылык. Чындап элек таң калыштуу көрүнүш. Жыныстык органдардагы майда бүдүрчөлөр кандилома болушу мүмкүн. Өзүңүз айткандай ал жыныстык катнаш аркылуу гана жугат.
Бирок сиз жыныстык жашоону баштай элек болсоңуз, демек бул кандилома эмес. Тагыраак аныктоо үчүн гинекологго көрүнүп, анализ тапшыруу зарыл. Ансыз жыйынтык чыгарып, бир несе айтуу кыйын болуп турат.
Ден соолукта болуңуз!
Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @ginekolog_endokrinolog1 баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Бул жерден адистин башка суроолорго берген жоопторун окусаңыз болот:
Боюмда бар, демим кысылып жатат, бул нормалдуубу же доктурга көрүнүшүм керекпи?
УЗИге түшсөм баланын башында суусу бар деди. Ал эмне дегенди билдирет?
Кош бойлуумун бирок кан кетип жатат. Доктурга кайрылсам боюмдан алып салбайбы?
Разрыв болгом, тиктирген жерим ажырап кетиптир, кайра тиктирсем болобу?
Уул төрөгөүм келет, кандай ыкмаларды кылсам болот? Гинеколог жооп берет