Бойдон алдыргандан кийин этек кири канча күндө келиш керек? Гинеколог жооп берет
Саламатсызбы. Бойдон дары менен түшүрүп, кийин УЗИге түшсөм, калдык калып калыптыр анан вакуумдук аспиратор менен тазалаттым. Канча күндөн кийин этек кири келиш керек?
Жамиля Сагинова
Гинеколог-эндокринолог
Саламатчылык. Вакуумдук аспирациядан кийин мелүүн кан кетип, выделения келиши мүмкүн. Бул учурда жыныстык катнаштан оолак болуу сунушталат.
Этек кири ар кимдики ар кандай учурда келет. Бирок ага карабастан сактануу керек, анткени айыз келбей туруп, кайра бойго бүтүп калышы мүмкүн.
Эгер алыңыз кетип, дене табыңыз көтөрүлсө, жагымсыз жыттанган выделениелер болсо, жүрөгүңүз айланып, кузсаңыз дароо доктурга кайрылыңыз.
Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @ginekolog_endokrinolog1 баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Бул жерден адистин башка суроолорго берген жоопторун окусаңыз болот:
Боюмда бар, демим кысылып жатат, бул нормалдуубу же доктурга көрүнүшүм керекпи?
УЗИге түшсөм баланын башында суусу бар деди. Ал эмне дегенди билдирет?
Кош бойлуумун бирок кан кетип жатат. Доктурга кайрылсам боюмдан алып салбайбы?
Разрыв болгом, тиктирген жерим ажырап кетиптир, кайра тиктирсем болобу?
Уул төрөгөүм келет, кандай ыкмаларды кылсам болот? Гинеколог жооп берет