// //

Кайын атам "менин келиним жүгүнбөйт",- деп конокторго жүгүнтүрбөй койгон

2020.11.04, 11:06
5928

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир келиндин катын жарыялайбыз. Эскертүү! Каармандардын аты өзгөртүлдү.

Жоолук салынбайм, жүгүнбөйм, кызмат кылбайм. Кайда барбайын сыйлуу жилик алып, төргө отурам. “Сарыбайдын келини” дешип баары менден чочулап турушат. Мен барда ашыкча сөз сүйлөшпөйт. Эми балким артымын ушакташкандыр, бирок жанымда жүргөндө “Аселка, Аселка” дешип, көңүлүмдү карап турушат.

Бир учур эсиме түштү. Тойдо жүргөнбүз. Ашканага идиш көтөрүп баратсам, жеңелер шыбырашып жатышыптыр.

- Боорсокту Сарыбай тайкемдин келини бышырсын. Ысыкта оттун жанында тургум келген жок.

- Анда ага өзүң айт, мен айтпайм.

- Жок, ай сен эле айтасың.

- Апей, койгула андайыңарды. Сарыбай тайкем келинин боорсок жасатып койгонубузду билсе жөн койбойт.

Кайын атам сексенге келип калды. Оор басырыктуу, сүрдүү адам. Ага сүйлөгөнгө көпчүлүк батына бербейт. “Сен айтчы, сен айтчы” дешип качып турушат.

Мага өз кызындай мамиле жасайт. Конокко чогуу барсак, жанына отургузуп “курсагыңды тойгуз”,- деп, жилигин берип коет. Башында “башкалар эмне дейт”,- деп, тартынчумун. Бара-бара кайын атам мени сыйлап турса, эмнеге тартынышым керек дедим. Кайра сыйлуу келин экениме сыймыктана баштадым.

Бир нерсе айтайынбы. Башка келиндер мени көрө албайт (күлүп). Албетте, жыргап жүргөн келинди көрүү кимге эле жаксын, туурабы?

Жаңы келин болуп келгенимде, кайын атамдын туугандары келип “кел, мага жүгүнчү, бир сынайын” дешкенде, кайын атам “менин кызым эч кимиңерге жүгүнбөйт” деген. Баары “кечириңиз, кечириңиз” дешип сыртка чыгып кетишкен.

Сүйүктүү сүт чайын кайнатып алып барып берсем, ыраазы болуп тим эле сүйүнөт. “Ата, эмне жейсиз, шорпо жасап берейинби” десем, “кызым жасаган тамактын баарын жей берем”,- дейт. Күн сайын "көп жаша" деп батасын берет. 

Ар дайым элдин көзүнчө мени мактап турат.

- Ии, кана айткылачы, менин келиним кандай экен?

- Сиздин келиниңизди жаман деп өлө албай жүрүптүрбүзбү? Сонун, сонун!

Өз кызындай кабыл алып, элдин алдында баркымды көтөргөн кайын атама ыраазымын.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт, интернеттен алынды! 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөмдүн жалаяк жууп жатканын угуп аябай таң калдым

Үч баласы бар аялга үйлөнгөнүмө эч качан өкүнбөйм

Себим келгенден кийин кайын энемдин көңүлү көтөрүлүп мамилеси өзгөрдү

“Бизге тең эмессиң” деп келин кылбай койгон кайын энем тоюмда кызмат кылды

Он бир жыл чогуу жашагандан кийин тизелеп аялымдын колун сурадым

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт