Стоматолог “27 жашка чыктың, акыл тиш чыкпайт” деп айтты. Чын эле ошондойбу?
Бир жыл мурун брекет салдыргам, тишим түзөлүп, чечкенбиз. Брекет салдырып жатканда “панорамный снимок” жасаш керек экенин кийин уктум. Стоматологго айтсам, “мен унутуп калыпмын, сенин акыл тиштериң чыкпайт деле, 27 жаштасың” деп койду.
Мен эми эмне кылышым керек? Акыл тишим чыга элек, бирок кокус чыга турган болсо тиштерим кайра кыйшык болуп калабы?
Нуржамал Канатбекова
“Matis dent” клиникасынын адиси, стоматолог
Саламатчылык. Брекет системаны коердун алдында диагностика жасабаганы абдан кейиштүү. Медициналык протоколго ылайык, мынтип дарылоого болбойт. Өзүңүз жазгандай, кокус акыл тиштериңиз чыга турган болсо буга чейин жасалган иштердин бардыгы текке кетет.
“27 жашка чыктың, демек акыл тиш чыкпайт” дегендик болбогон кеп. Анын качан чыгат, дегеле чыгабы, алдын ала эч ким айта албайт. Анткени акыл тиштер 30 жаштан өткөндөн кийин деле чыга берет.
Азыркы учурда сиз панорамдык рентген тарттырып, акыл тиштин бар же жогун текшертиңиз керек. Бар болсо жулдуруу зарыл.
Консультация алуу үчүн бизге кайрылсаныз болот.
Нуржамал Канатбекова менен инстаграмдагы @matis_dent баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Тишке кам көрүу жөнүндо бул жерден да окусаңыз болот:
Баламдын тиши чыкканда эле карарып кетти, эмне үчүн? Стоматолог жооп берет
Тишимди жуусам эле канай берет, эмнеге? Стоматолог жооп берет
Брекет салынган тиштерим кайра кыйшыйып калбайбы? Стоматолог жооп берет
Боюмда бар, тишиме пломба салдырсам болобу? Стоматолог жооп берет