Сүйлөсөм эле такалып, “аа, ммм, неме, ошо” дей берем. Психологдун кеңеши
Саламатсызбы. Мен бирөө менен суйлөшкөндө оюмду толук жеткире албайм. Сөзүмдүн арасына “аа, ммм, ыыы, неме, ошо” дей берем. Ошенткеним такыр жакпайт.
Кыска айтам деп сөздү көбөйтүп салам. Шашканда айта турган сөзүмдү унутуп калам. Кантип кутулсам болот ушундан? Кеңеш берип койгулачы?
Мария Самсонова
Психолог
Саламатчылык. “Мени угуп жаткан мен жөнүндө кандай ойдо калат?” деген коркуу сезими, сизди шашкалактап, жаңылууга түртүп жатат. Натыйжасында, ого бетер санааркап, көңүлүңүздү бир жерге топтой албай калуудасыз.
Ошондуктан, шашпаңыз.
Менин рекомендациям кызыктай көрүнүшү мүмкүн, бирок бул чынында иштейт.
Бардыгын тескери жасоо керек!
- Шашпаңыз.
- Өзүңүзгө жаңылууга, такалууга уруксат бериңиз.
- Өзүңүздү-өзүңүз жемелебеңиз, урушпаңыз.
Мындай эксперимент жасап көрсөңүз болот, ишенген, жакын адамыңызды сизди угуп туруусун сураныңыз. Сөздөрдү созуп, жай сүйлөп, атайылап болушунча такалыңыз.
Мында, адашып, жаңылсаңыз деле коркунучтуу эч нерсе болбогонун байкайсыз, бул гипперконтролду жана негизсиз санаркоону төмөндөтүүгө жардам берет.
Ал эми маселени профессионалдык деңгээлде чечкиңиз келсе тиешелүү адистерге кайрылып, терапия алууну сунуштайм.
Мария Самсонова менен инстаграмдагы @samsonova.psiholog баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Бул жактан псхологдун башка кеңештерин окусаңыз болот:
Апамдын каза болушуна атамдын салымы чоң. Кантип аны кечирем?
Жигитим менден 11 жаш улуу. Жаш айрымачылыгыбызкийин көйгөй жаратпайбы?
Эл алдына чыгып сүйлөгөндөн корком. Коркоктугумду кантип калтырам?
Күйөөм интернеттен кыздар менен сүйлөшө берет. Бул оорубу эмне?