Бала эмизем, доктур антибиотик жазып берди, зыян эмеспи? Гинеколог жооп берди
Саламатсызбы. Табарсык, белим ооруганынан доктурга барсам, эрозия деп, антибиотиктерди жазып берди. Төрт айлык балам бар, эмизем. Балага зыяны тийбейби?
Жамиля Сагинова
Гинеколог-эндокринолог
Саламатчылык. Кош бойлуу кезиңизде жумуртка бездериңиз, жатын түтүкчөлөрүңүз сезгенип, цистит болгон болушуңуз мүмкүн. Ошондон улам азыркы симптомдор байкалууда.
Эмизген келиндерге уруксат берилген препараттар гана жазылат. Эгер үй-бүлөлүк дарыгерге бала эмизгендигиңиз жөнүндө айткан болсоңуз, ал сизге лактация учурунда ичүүгө боло турган дарыларды жазып берсе керек. Андай препараттар балага зыян эмес.
Сакайып кетиңиз.
Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @ginekolog_endokrinolog1 баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Бул жерден адистин башка суроолорго берген жоопторун окусаңыз болот:
Боюмда бар, демим кысылып жатат, бул нормалдуубу же доктурга көрүнүшүм керекпи?
УЗИге түшсөм баланын башында суусу бар деди. Ал эмне дегенди билдирет?
Кош бойлуумун бирок кан кетип жатат. Доктурга кайрылсам боюмдан алып салбайбы?
Разрыв болгом, тиктирген жерим ажырап кетиптир, кайра тиктирсем болобу?
Уул төрөгөүм келет, кандай ыкмаларды кылсам болот? Гинеколог жооп берет