Зобдун чоңоюшу этек кирге кандай таасирин тийгизет? Гинеколог жооп берет
Саламатсызбы, сурайын дегеним зобдун чоңоюшу этек кирине кандай таасирин тийгизет?
Светлана Коздрович
Гинеколог-эндокринолог
Богок безинин көлөмү кичинекей болгонуна карабастан биздин организмибиздин ишинде абдан олуттуу ролду ойнойт. Зат алмашуу процесстери, гормоналдык фон, анын натыйжасында менструалдык циклге, сүт бездерине, керек болсо жатын моюнчасынын абалына да таасир этет.
Зоб деген түшүнүк өтө кеңири, маселен бездин өзүндө гормоналдык өзгөрүүлөр байкалышы мүмкүн, а кээде бардыгы жайында эле болот. Ошондуктан богок безинин гормоналдык функциясы өзгөргөнбү? Өзгөргөн болсо канчалык деңгээлде: көтөрүлдү (бул кобүрөөк кездешет) же тескерисинче төмөндөдү? Ушуларды аныктоо зарыл. Ал үчүн гинеколог-эндокринологго кайрылуу сунушталат.
Ден соолукта болуңуз.
Гинеколог-эндокринолог Светлана Коздровичти инстаграмдагы @arzclinic баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Бул жерден кош бойлуулук жөнүндө дагы окусаңыз болот:
ЭКО деген эмне? Кимдерге жасалат? Баасы канча турат? 10 суроого жооп
Токсикоздун белгилери жана аны жеңилдетүү жолдору
Эклампсия деген эмне? Белиглери, себептери жана кесепети
Толгоо башталганын кантип билем? Кош бойлуу келиндер үчун шпаргалка