Атамдын агасынын баласы 4 жыл зордуктап жүрдү, мындан аркы жашоом кандай болот?
Саламатсызбы. Мен азыр 18 жаштамын. 12 жашыман баштап атамдын агасынын баласы зордуктап жүрчү. Аябай коркутуп койгондуктан эч кимге айта албай койгом. Эки жылдан бери бул көрүнүш болбой калды. Мени ойлондурганы күйөөгө кантип тием?
Нуриза Батырбекова
Психолог
Аябай кейиштүү окуя болуптур. Зордук зомбулуктун бир нече түрү болот, алардын ичинен эң оору сексуалдык зомбулук болуп эсептелинет.
Мындайда жабыркаган адам өзүн күнөөлүү сезип, алсыздык пайда болот.
Сиздин эч кандай күнөөңүз жок, бул көрүнүш сиздин каалооңуз менен болгон жок. Жакындарыңа айтсаң өлтүрүп коем, же жакындарыңа зыян келтирем, алар сени жаман көрүшөт, алар сага ишенбейт, деп коркутса керек. Ошондуктан көп жылдан бери эч кимге айта албай келгенсиз.
Менин сизге кеңешим, гинекологго кайрылыңыз, андан тышкары психологго, милицияга да барууну сунуштайм. Реабилитациялык борборлорго кайрылсаңыз, психологдор акысыз консультация беришет. Бардыгы анонимдүү жүрөт. Бул психологиялык абалыңызды турукташтырууга жардам берет.
Сиз аябай күчтүү, эрктүү адам экенсиз. Ушундай стресс алганыңызга карабастан, редакцияга жазып, суроолоруңузга жооп алууга, маселени чечүүгө аракет кылып жатасыз. Бул мактоого татыктуу.
#билесиңбиөспүрүм