Келинимди кетирем деп жүрүп уулумдун мага болгон сыйын жоготтум
Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет кайын эненин катын жарыялайбыз. Эскертүү! Каармандардын аты өзгөртүлдү.
“Бирөөгө ор казсаң, өзүңө көр казасың” дегендей, тынч эле жашай беришибиз керек экен. Мурда эки жакка чуркап эле ар кимди ушактап басып жүрчүмүн. Бул адаттын зыянынан башка пайдасы жок экенин башымдан өткөндөн кийин түшүндүм.
Уулумду буюм сыяктуу көрүп менчиктеп алгам. Эгер менин айтканымды аткарбаса, “карыган апаңдын сөзүн укпайсыңбы, ушунчалык мени жаман көрөсүңбү”,-деп, калп эле ыйламыш болом. “Макул, сиз айткандай болсун”,-десе мыйыгымдан күлөм.
Ушул жашка келгенде өзүмө эмне жагарын так билбейт экенимди билдим. Баламдын жашоосун тескеп жүрө берип көп нерсени өткөрүп жиберипмин. Көрсө, өзүңдү эч качан арткы планга жылдырбаш керек экен. Балдар эртеби-кечпи чоңоюп, уядан учуп кетишет. Ошондо “аттиң” деп колду тиштебегендей болуш керек туура.
Уулум мен жактырган кызга үйлөнбөй турганын айтканда чалкаман кеттим. “Кантип мага жаккан кыз, сага жакпасын”,-деп ызы-чуу салдым. Акыры ичимен ал кызыңды алсаң кубалап кутулам, ошондо “апам айтканга үйлөнсөм болмок экен дейсиң” дедим.
Келинимдин келгенине үч күн болбой жатып “Күн көрсөтпөө” деген планымды ишке ашыра баштадым.
Өмүр бою менин жанымда болом деген уулум бөлүнөрүн айтты. Ошондо өзүмдү кармай албай, жаңы эле жемемди угуп көзүн жашылдантып турган келиниме жулкундум. Балам кармап калбаса, эмне болорун билбейм... “Апа!” Биринчи жолу уулум мени башкача карады. Көзүнөн мага болгон сыйы жоголгонун байкадым.
Жалгыз калдым. Жатып алып жашоомду көз алдымдан өткөрүп чыктым. Келиниме кылган жамандыктарымды эстеп, өзүмдөн ушунчалык жийиркендим. Мына эми, “апа жүрүңүз чай ичебиз” деген сөзүн сагынып отурам. Эки айдан кийин неберелүү дагы болмокмун. Эх...
Биринчиден ушакчы курбуларымдан кол үздүм. Экинчиден көрө албаган тааныштардан алыстадым. Үчүнчүдөн спорт менен машыгуу үчүн өзүмө кеда сатып алдым. Күн сайын кечинде 5-10 км жөө басып, ойлорумду калыпка келтире баштадым.
Көп өтпөй күзгөгө каранып отуруп бетимде нур пайда болгонун байкадым. Өзүмө ушунчалык сулуу көрүндүм.
Бүгүн 10 эмес, 15 км басууну чечкем. Машыгуудан кийин чарчап үйгө келатсам, эшиктин алдында уулум менен келиним колдорунда бир нерсе көтөрүп турат. Мени көрө калышып, “апа” деп кол булгалашты. Берекелерим десе, жаман апасын кыя албай кайра келишкен тура. Ошол учурда наристенин ыңалаган үнү угулду.
Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт, интернеттен алынды!
Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:
Күйөөмдүн жалаяк жууп жатканын угуп аябай таң калдым
Үч баласы бар аялга үйлөнгөнүмө эч качан өкүнбөйм
Себим келгенден кийин кайын энемдин көңүлү көтөрүлүп мамилеси өзгөрдү
“Бизге тең эмессиң” деп келин кылбай койгон кайын энем тоюмда кызмат кылды
Он бир жыл чогуу жашагандан кийин тизелеп аялымдын колун сурадым