// //

Кулагымда шуулдаган добуш пайда болду, эмне себептен болушу мүмкүн?

2020.10.22, 12:43
2420

Саламатсызбы. Менин суроом: кулагымда шуулдаган добуш пайда болду, эмне себептен болушу мүмкүн? Үй шартында эмне кылсам болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
22.10.2020, 12:43

Владимир Пак

Отоларинголог

Кутман күн. Кулакта шуулдаган добуштун себептери абдан көп жана түрдүү. Мисалы: стресс, кан басымы, моюндагы остеохондроз, вирустук инфекция, кулкунун толуп калышы ж.б.

Доктурга көрүнгөнгө чейин жалбыз (мятный) камтыган сагыз чайнасаңыз болот. Бул бир аз болсо да абалды жеңилдетет. Мурдуңуз таза болуп, ээн-эркин дем алышыңызды көзөмөлдөңүз.

Бирок узакка созбой сөзсүз ЛОРго кайрылып, себебин аныктап дарыланыңыз.

Ден соолукта болуңуз!

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Владимир Пак менен инстаграмдагы @Vladimir_md баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

Бул жактан ЛОРго тиешелүү башка суроолорго жоопторун окусаңыз болот:

Ангинадан жабыркап келем, такыр алдырып салса болобу? Отоларинголог жооп берет

Уйку сурап оозумду ачканда кулагым кадимкидей бүтөлүп калат. Эмне кылыш керек?

Кулактан тарсылдагы жарылып калса, кайра өзү эле бүтөбү? ЛОР жооп берет

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт