// //

Жаңы жылдык окуя: Жаңы жылды шымы жок тостум

2018.12.26, 14:09
1244

2017-жылды айылдан тосмой болдум. Ата-энем, досторум сүйүнүп тосуп алышты.

31 күнү кошуна балдар "Жүрү кечки костёрго дөңгөлөк чогултуп келебиз", -дешти. Дөңгөлөк издеп жүрүп кытайлардын заводуна келдик. Бирөө жарым болсо сурап көрөлү деп эки жакты карасак эч ким жок. Мейличи деп, чоң дөңгөлөктөрдү тоголотуп үйдү көздөй жөнөдүк. Орто жолдон эс алып олтурсак, жанымдагы бала качып кетсе болобу. Таң калып кошунама "эмне болду, тиги эмне качып кетти?",-десем, "артта эки атчан келе жатат качтык",-деди.

Бутубуз-бутубузга тийбей качып баратсак, жол боюнда чоң труба бар экен, ичине кирип кеттик. Үнүбүздү чыгарбай жатабыз, бир маалда, "чыккыла, кимдин балдарысыңар?", - деди. Жооп бербей койдук. Бирөөсү аттан түшүп, бизди көздөй келе жатканда чыга качтык. Жеки Чан индеецтерден качкандай эле качтык го чиркин. Үйгө жетейин дегенде буттарыбыз ооруп, чуркай албай кармалып калып тил уктук.

Кеч кирди. Кошуналар топтолуп костёрду жагып, үстүнөн секирип жыргап жатышты. Мага кезек жеткенде, кыйын болуп үстүнөн секирип өтсөм, шымым күйүп калды. Караңгыда кызарганым билинген жок ойшойт, күлө албай же ыйлай албай кала бердим. "Ээ, бүл күн меники эмес окшойт" дедим да, үйгө кирип чыкпай жатып алдым. Ошол 31-декабрь эч эсимден кетпейт. Келе жаткан жаңы жылыңыздар менен!

Урматтуу достор, сиздерде да жаңы жылдык кызыктуу окуялар болсо, 0704004608 ватсап номуруна жибериңиз. Мыктыларын сайтка жарыялайбыз.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт