// //

Кайын энем экөөбүз милицияга түшкөнүбүздү жашырып, тойлоп келдик деп койгонбуз

2020.10.21, 15:30
9230

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет кайын энесин мактаган келиндин катын жарыялайбыз. Эскертүү! Каармандардын аты өзгөртүлдү.

Ал аңгыча милиция келип, жөн эле карап турган экөөбүздү кошуп салып кетти

Кайын энем экөөбүз эмне гана кылбадык. “Бизди күтпөгүлө” деп коюп үйдөн чыгып кеткен боюнча, түндө терезеден секирип киребиз. Кайын атам менен күйөөм бизди ар балээдан суруп чыгып жүрүп көнүп деле калды. “Жөн отурсаңар боло” дешип, терең үшкүрүп баштарын чайкап коюшат.

“Өлөрүмдө муну кылбай калдым эле деп өкүнгүм келбейт” деген кайын энем “любой кипишке” даяр.

Өзү курактагы адамдар менен анчейин деле сүйлөшпөйт. Курбулары жөнүндө сурасам, “бир нерсе кылалы десем, “бутум ооруйт”, "белим ооруйт", “карыганда жөн эле отуралы” сыяктуу ар кайсы шылтоону айта беришет, “скучный” адамдар”,- деп, кол шилтеп коет. Жаман сонун кайын энем бар да.

Экөөбүз дем алышта бир күндүк турларга барабыз. Кыргызстанды кыдырып бүтөрүбүзгө аз эле калды. Мындай күндөрү дагы жөн отурбайбыз. Бир нерселерди ойлоп таап зерикпегенге аракет кылабыз. Кыскасы, ушул үйгө келгенден бери жыргап жүрөм.

Кечки тамакты ичип бүттүк. Күйөөм бата кылып туруп баратса кайын энем тартып отургузуп койду.  

- Столду жыйнап, идиштерди жууп кой.

- Апа, кечээ мен жуудум го.

- Эшик суук, сууну төккөнү чыкканда Айжан (мен) үшүп калат.

- Ваай, ошо дагы болмок беле.

- Жакшынкай эле болот.

Жыргап кайын энемдин артынан чыгып кетем.

Баягы күнү кайын атам менен күйөөм айылга жумуштап кетишкен. Кайын энем экөөбүз тамак жасагандан эринип, кафеге барганбыз. Бир маалда эле артыбызда отурган кардарлар мушташып киришти. Ал аңгыча милиция келип, жөн эле карап турган экөөбүздү кошуп салып кетти. Же күлөрүбүздү, же ыйларыбызды билбейбиз.

Таң эрте кое беришти. Экөөбүз үнсүз басып келаттык. Тып токтоп бири-бирибизди карап каткырып кирдик. Үйгө барсак, кайын атам менен күйөөм келип калыптыр. Кайда жүрдүңөр дешкенде, курбубуз тоюна чакырган, тойлоп келдик деп койдук.

Кайын энем ар дайым “жашсыңар үйдө отурбагыла” деп, күйөөм экөөбүздү эки жакка жөнөтө берет.

Кайын энем менен жүрүп жашоонун сонун экенин билдим. Көрсө, ар кандай шылтоолорду таап өзүбүздү-өзүбүз чектей берет турбайбызбы. А чынында, бактылуу болуш үчүн каалоо гана жетиштүү экен. Өзүңдүн каалоолоруңду биринчи орунга коюп, аларды орундатканга аракет кылсаң, ошондо сен гана эмес, айландагы жакындарын дагы бактылуу болот экен. Муну үйрөткөн кайын энеме чоң рахмат.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт, интернеттен алынды! 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөмдүн жалаяк жууп жатканын угуп аябай таң калдым

Үч баласы бар аялга үйлөнгөнүмө эч качан өкүнбөйм

Себим келгенден кийин кайын энемдин көңүлү көтөрүлүп мамилеси өзгөрдү

“Бизге тең эмессиң” деп келин кылбай койгон кайын энем тоюмда кызмат кылды

Он бир жыл чогуу жашагандан кийин тизелеп аялымдын колун сурадым

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт