// //

Туугандарым жардамдашканы эмес шорпо ичкени эле келишиптир

2020.10.20, 12:54
8259

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет туугандарына таарынган окурманыбыздын катын жарыялайбыз. Эскертүү! Каармандардын аты өзгөртүлдү.

Кудалар келгенде дагы жарытып тосуп алышкан жок

Ээ достор, анын эмнесин айтасыңар, адамдардын пейили бузулуптур деген чын окшойт. Биринчиден турмушка узаткан эрке кызымды сагынып жүрөгүм ооруйт. Экинчиден тойдо туугандарымдын кылган мамилесин эстеп ачуум келет. Уруксат берсеңер, силерге баянымды айтып бир бугумду чыгарып алайын.

Кызымды эл катары ресторандан узатам деп көп жылдан бери тапкан-ташыганымды чогултуп жүргөм. Балээ коронавирус пландардын баарын бузду.

Түн. Сарсанаа болуп уктай албай сыртта ары-бери басып жүргөм. Кызымдын жаныма келгенин байкабай калыпмын.

- Ата, кейибеңиз, мына көрөсүз, үйдөн деле сонун өтөт.

- Укмуштуудай той берсем, башыңды көтөрүп кетет белең дегем да.

- Ата, сиз бар үчүн тойсуз деле күн сайын башымды көтөрүп жүрөм.

Эрке кызымдын чоңоюп калганын ошондо билдим. Экөөбүз таң атканга чейин кобурашып отурдук. Жайыма койсо, кетирбей алып калат элем. Аттиң, анте албайм.

Кызымдан эч нерсе аяган жокмун. Жылкы сойдум. Дүркүрөтүп дасторкон жайдым. 

Туугандарга бир-эки күн эрте келип жардамдашып койгула дегем. Эч кимиси жок. Аялым экөөбүз жалгыз чуркап жүрдүк. Дагы жакшы кошуналарыбыз кол кабыш кыла коюшту.

Той күнү кудалардан беш-бетер кирип келишти. “Ай, кечээ келип жардамдашып койбойт белеңер” десем, “бошобой калдык, бизде иш деген бар” деп оозумду жабышты. Макул деп көңүлүмө алган жокмун. Жардамдашып койгонго жарабай, короо-жайыбыздан баштап идиш-аягыбызга чейин сынап шорпо ичип отурушту.

Кудалар келгенде дагы жарытып тосуп алышкан жок. Дагы эле топтолуп чет тарапта шыбырашып турушту. Кошуналарыма абдан ыраазымын, чачыла чачып, “келгиле” деп жайгарып кетишти. Кечке ошолор чуркап тейлешти.

Той сонун болду. Кудалар ыраазы болуп кетишти. Жөн кетпей кызымды ала кетишти. Биринчи жолу кыз узатышыбыз, аялым экөөбүз көз жашыбызды кармай албай, болушунча ыйладык.

Жардам бербей койгону аз келгенсип, “бизге жилик тартпадың, сыйлабадың” деп кыялдарын көрсөтүп, коноктордун артынан эле кетип калышты. Кимдин-ким экенин ошондо билдим. Убакыт баарын көргөзөт деген боюнча кала бердим. 

Кечээ кой союп кошуналарымды сыйладым. Ыраазычылыгымды айтып, кичине белек алдым эле ошолорду бердим. Аны билген туугандар “бизди эмнеге чакырган жоксуң” деп ватсапка жазышыптыр. Жооп берген да жокмун. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт, интернеттен алынды! 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөмдүн жалаяк жууп жатканын угуп аябай таң калдым

Үч баласы бар аялга үйлөнгөнүмө эч качан өкүнбөйм

Себим келгенден кийин кайын энемдин көңүлү көтөрүлүп мамилеси өзгөрдү

“Бизге тең эмессиң” деп келин кылбай койгон кайын энем тоюмда кызмат кылды

Он бир жыл чогуу жашагандан кийин тизелеп аялымдын колун сурадым

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт