Жеңем экөөбүздүн мамилебизди кантип оңдосом болот? Психологдун кеңеши
Саламатсызбы. Турмушка чыкканыма үч жыл болду, эки балам бар. Кичүү келинмин, кайын ата, кайын эне менен бир турабыз.
Мени ойлондурган бир маселе бар. Күйөгө тийгенге чейин үйдүн эрке кызы болчу элем. Жөнү жок жерден жеңемди жаман аттуу кылып көрсөтүп койгон учурлар болгон. Ошондон улам, жеңем менен апам экөөнүн мамилеси начар. Канчалык туура эмес иш кылганымды эми гана түшүнүп турам.
Кээде үйгө барып, төркүлөп келгим келет. Чер жазышып, сүйлөшүп отурууну каалайм. Бирок, жеңемдин мага жасаган мамилеси суз. Жаман эч нерсе айтпайт, дебейт, ошентсе да мурункудай болбой калды.
Кантип мамилебизди оңдосом болот?
Нургүл Барпиева
Психолог
Саламатчылык. Негизи бардыгыбыз жаш кезибизде көп жаңылышабыз, ката кетиребиз, туура эмес сүйлөп, кийин өкүнө турган иштерди жасайбыз. Адамдын негизги максаты ар бир катасынан сабак алып, өзүнүн кемчиликтерин оңдоого умтулуу.
Ооба, башындагы түшүнбөстүктөрдөн улам, жеңеңиздин сизге бологон таарынычтары бар болушу мүмкүн. Бирок мамилени оңдоо үчун жок дегенде аракет кылып көрүү керек. Өзүңүздү жеңеңиздин алдында күнөөлүү сезесизби? Эгер “ооба” деп жооп берсеңер, анда мурунку каталарды оңдоонун жолу төмөнкүдөй:
- жаңылганыңды, туура эмес иш жасаганыңды моюнга алуу.
- кечиримдүү болуу.
- кечирим сураганды үйрөнүү.
Кечирим суроо, мамилени жакшыртуунун биринчи кадамы. Жеңеңизден кечирим сураңыз, сүйлөсө сөзүн бузбай, угуңуз. Ага ичиндеги нерселердин бардыгын ачык айтып, чыгарып алууга мүмкүнчүлүк бериңиз.
Мындан кийин түшүнбөстүктөр болсо, дароо айтып, сүйлөшүү жолу менен макулдашып, бир чечимге келүүгө чакырыңыз. Сиз үчүн жеңеңиз менен болгон мамиле маанилүү экенин билдириңиз. Экөөңөрдүн мамилеңердин жакшырганын көрүп, апаңыз да, байкеңиз да өзгөрөт.
Мунун бардыгы сиздин колуңуздан келет деп ишенем. Сиз туура жолдо баратасыз.
Ийгилик!
Психолог Нургуль Барпиева менен инстаграмдагы @nurguil_barpieva_psyhologist баракчасы аркылуу байланыша аласыз.