УЗИден жатында суу бар деди. Ошондон бойго бүтпөйбү? Гинекологдун жообу
Мен 21 жаштамын. Турмушка чыкканыма бир жылдай болуп калды. УЗИге түшсөм, жатынымда суу бар экен. Аны дарыласа болобу? Ошол себептен бойго бүтпөшу мүмкүнбү?
Жамиля Сагинова
Гинеколог-эндокринолог
Саламатчылык. Адатта УЗИден жатындын арткы тарабында суюктук көрүнөт. Эгер ал суюктук менструалдык циклдин орто ченинде болсо, жана жумуртка бездеринде сары тело бар экени тастыкталса, бул норма болуп саналат.
Ал эми суюктук циклдин башка учурунда болсо, этек кири учурундагы оруксунуу аялдын тынчын алып, узак убакытка чейин бойго бүтпөө ж.б. симптомдор байкалса, анда доктурга көрүнүп, так себебин аныктоо сунушталат.
Бардык нерсе индивидуалдуу, диагноз бейтаптын арызданууларынын негизинде, анализдердин жыйынтыгы менен коюлат.
Ден соолукта болуңуз.
Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @ginekolog_endokrinolog1 баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Бул жерден адистин башка суроолорго берген жоопторун окусаңыз болот:
Боюмда бар, демим кысылып жатат, бул нормалдуубу же доктурга көрүнүшүм керекпи?
УЗИге түшсөм баланын башында суусу бар деди. Ал эмне дегенди билдирет?
Кош бойлуумун бирок кан кетип жатат. Доктурга кайрылсам боюмдан алып салбайбы?
Разрыв болгом, тиктирген жерим ажырап кетиптир, кайра тиктирсем болобу?
Уул төрөгөүм келет, кандай ыкмаларды кылсам болот? Гинеколог жооп берет