// //

Үч жаштагы кызым көп стоматит боло берет, эмне кылыш керек? Педиатр жооп берет

2020.10.13, 13:49
2150

Саламатсызбы. Сураныч, мага да кеңеш алып бериңизчи. Үч жаштагы кызым аябай көп стоматит болду. Быйыл 4-5 жолу дарыладык. Улам боло бербеш үчүн эмне кылыш керек? Азыр да тамагынан бери көздөй чыгып, тамак жей албай кыйналып кетти. Жаман нерселерди оозуна салдырбайм, ар дайым жанындамын.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
13.10.2020, 13:49

Мухабат Касымова

Педиатр

Саламатчылык. Кызыңызга кандай дарылоо керек экенин аныктоо үчүн аны көрүү зарыл. Анткени стоматиттин түрлөрү ар кандай болот. Эгер бир эле жылда бир нече жолу болуп жатса, ичегисинде көйгөй бар болушу мүмкүн. Бирок мунун бардыгы жөн гана божомолдоолор.

Стоматитти алдын алуу чараларын да эсиңизден чыгарбаңыз, оозуна кир нерселерди салуудан башка ар дайым колун самындап жууп туруу жана өз алдынча идиш-аяк менен колдонуу сунушталат.  

Надира Амантаева

Лор

Осулдун себептери төмонкүлөр:

  • тилин, ээгин же жаактын ички тарабын тиштеп алгандан;
  • иммунитет алсыз же түшүп кеткен учурда;
  • стресс болгондо;
  • тукум кууйт;
  • осул болуп ооруган кишиден жугат (анын идиши менен колдонгондо, чоңдор кичинекей балдарга тамак чайнап бергенде);

Осулдун бир нече түрлөрү болот, аларды дарылоо ыкмалары бири-биринен айырмаланат: аллергияга каршы дарылоо, симптоматикалык дарылоо, анестетиктер менен дарылоо. Ошондуктан, ЛОРго сөзсүз көрүнүп, анализ тапшыруу зарыл. Анын негизинде доктур дарыларды жазып берет. Жалпы рекомендация катары жылуу сууга соода аралыштырып улам чайкап турууну, чычырканактын майын колдонууну жана метрогил дента гелди сунуштай алам. 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт