Жездем эжемди "крышаларым" бар деп коркутуптур. Эмне кылсак болот?
Саламатсызбы! Биз Баткен районунан жазып жатабыз. Бир тууган эжемди күйөөсү урганынан алып келдик. Кантип бат ажырашуу ишин баштасак болот? Дайыма үйүндө тополоң кылат экен. Кандай уюмдар бар жардам бере ала турган? Күйөөсү аябай тентек экен. "Крышаларым" бар деп коркутуптур.
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Эжеңизди ургандыгы боюнча милицияга кайрылуу керек болот. Эгер силер анын “крышасы” бар экен деп өзүңөрдү-өзүңөр коркута берсеңер, ушинтип жүрө бересиңер. Ошондуктан аялына кол көтөргөн инсандын жазалануусу бул мыйзамдын жана бүгүнкү күн талабы деп эсептеймин. Ал эми, ажырашуу боюнча сотко кайрылгыла.
Ракия Рахматова
“Сезим” кризистик борборунун юристи
Эгерде үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылсаңар, “Сезим” кризистик борборуна кайрылсаңар болот. Бул жактан акысыз юридикалык, психологиялык, социалдык жана медициналык жардамдар көрсөтүлөт. Бара турган жери жок кыз-келиндер борбордун шелтеринде белгилүү бир убакка чейин жайгаштырылат. Ал жерден дагы укуктук, психологиялык/психотерапиялык жана социалдык жардамдар көрсөтүлөт. Шелтер аялдардын балдары менен жашоосуна ыңгайлашкан.
Ыкчам байланыш: +996 (312) 51-26-40.