Кымызга кызып калган жездем эжемди сүйөрүн айтып ыйлаган
Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет боорукер жездесинин жоругун айткан кыздын катын жарыялайбыз. Эскертүү! Каармандардын аты өзгөртүлдү.
"Косметика дагы алып берем!"
Жездем түнт адам. Сезимдерин сыртка чыгарбайт. Бир калыпта басып жүрө берет. Мисалы, үйгө келгенде тамак жасап беребиз. Ошондо жагып жатабы же жокпу биле албай кыйналабыз. Жеп бүтүп унчукпай туруп кетет. Бүгүн мен силерге ошо жездемдин бир жоругун айтып берем.
Эжем экөөнүн үч баласы бар. Баш кошкондоруна 12 жыл болуп калды. Биз шаарда, алар айылда турушат.
Жай. Тапчанда атам экөөбүз дарбыз жеп отурганбыз. Эжем кирип келди. Бейкапар учурашып коюп дарбыз жей баштады. Биз да унчуккан жокпуз.
- Күйөө балаңызды бир коркутуп коеюн дедим.
- Тынчылыкпы?
- Балдарды ага таштап жумушума кеткем. Келсем үйдүн кебетеси бир укмуш. Эң жаманы тиги эки тентек небереңиз обоилердин баарына сүрөт тартып, косметикаларымды чукулап салышыптыр. Күйөө балаңыз бейкапар уктап жатат. Ушундай жаным кейиди. Ачууланып бакырып жатсам дагы үн катпайт. “Болду сени менен жашабайм” деп шаарга баса бердим. Кетип жатканда унчукпай карап турду. Бирок, кебетесин көрсөңөр күлмөксүңөр: көздөрү алайган, чекеси тердеген, кыпкызыл. Ишенип калды окшойт. А чынында шаарда жумуштарым бар болчу. Ансыз деле келип кетмекмин.
Жездем мага эжемди сурап жазды. “Ооба, келди, ыйлап жатат” деп апырттым. Атама чалды. Ал трубканы алып “эх, балам, сага ишенсе” деди да сүйлөгүчө басып койду. Негизи биздин үй-бүлө мүчөлөрү диплому жок актерлер.
Түн. “Анипа!” деп бирөө бакырып дарбазаны такылдатты. Баарыбыз чоочуп ойгондук, көрсө жездем экен.
“Мен сени сүйөм! Аябай катуу сүйөм! Кетпечи суранам! Обоилерди кайра чаптап, үйдү жыйнап койдум. Косметика дагы алып берем. Анипа, мен сени сүйөм! Сенсиз кантип жашайм!”
Эжем “ичип алган го” деп эшикти ачканы чуркап чыкты. Түнт жездемди биринчи жолу ушундай абалда көрүшүм. Быдылдап сүйлөп эжемдин бети-колунан өөп кечирим сурап жатты.
- Эмне ичтиңби?
- Үй жыйнап жатып муздаткычта кымызды көрүп калдым.
- Анын турганына көп болгон да. Баарын ичип койдуңбу?
- Ооба.
- Ии кокуй! Ошон үчүн кызып калган турбайсыңбы.
- Кетпейсиңби?
- Кетпейм, бол кир, кошуналарга уят кылбай.
Бул жакта туруп алып эжем экөөнүн сүйлөшкөнүн угуп боорубуз эзилип калды.
Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.
Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:
Үч баласы бар аялга үйлөнгөнүмө эч качан өкүнбөйм
Себим келгенден кийин кайын энемдин көңүлү көтөрүлүп мамилеси өзгөрдү
“Бизге тең эмессиң” деп келин кылбай койгон кайын энем тоюмда кызмат кылды
Он бир жыл чогуу жашагандан кийин тизелеп аялымдын колун сурадым